Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн менеджери (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0142
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн өндүрүштүк -техникалык ишин башкаруу;
- Долбоорлорду жана пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруунун мониторинги;
- Мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоо;
- Документтерди, отчетторду жана долбоорлорду мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бекитүүсүнө даярдоону жана аткарууну контролдоо, ошондой эле тиешелүү ыкчам жана статистикалык отчеттуулук менен белгиленген тартипте отчетторду даярдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Геология жаатында жогорку билим;
- Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Керектүү билимдер:
– жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо жаатындагы өндүрүштүк, чарбалык жана финансылык-чарбалык ишти жөнгө салуучу мыйзамдык жана нормативдик актыларды билүү;
– геологиялык жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн негиздерин, ыкмаларын, эрежелерин жана шарттарын билүү;
– пайдалуу кендерди ачык жолу менен алуу боюнча өндүрүш процесстеринин коопсуздук эрежелерин билүү;
– техникалык эсептөөлөрдү жүргүзүү жана геологиялык жана геологиялык чалгындоонун экономикалык эффективдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын билүү;
– иште колдонулган эсептөө, коммуникация жана байланыш каражаттарын тандаганды билүү;
– MS Office, AutoCad, Gemcom, Lepfrog Geo, Datamine, Micromine, ошондой эле геологияда жана тоо-кен иштеринде колдонулган адистештирилген программаларды билүу;
- Адамдардан менен тил табышып иштөө үчүн көндүмдөргө ээ болуу;
- «В» категорисяындагы айдоочулук күбөлүгү.
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
- Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.
Анкета жана резюмени 2021ж. 12 сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0142 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА БЕЛГИЛЕНБЕСЕ, АЛАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.