ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНҮН МЕНЕДЖЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНҮН МЕНЕДЖЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 27 August 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн менеджери (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0142

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн өндүрүштүк -техникалык ишин башкаруу;
  • Долбоорлорду жана пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруунун мониторинги;
  • Мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоо;
  • Документтерди, отчетторду жана долбоорлорду мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бекитүүсүнө даярдоону жана аткарууну контролдоо, ошондой эле тиешелүү ыкчам жана статистикалык отчеттуулук менен белгиленген тартипте отчетторду даярдоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Геология жаатында жогорку билим;
  • Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Керектүү билимдер:

– жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо жаатындагы  өндүрүштүк, чарбалык жана финансылык-чарбалык ишти жөнгө салуучу мыйзамдык жана нормативдик актыларды билүү;

– геологиялык жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн негиздерин, ыкмаларын, эрежелерин жана шарттарын билүү;

– пайдалуу кендерди ачык жолу менен алуу боюнча өндүрүш процесстеринин коопсуздук эрежелерин билүү;

– техникалык эсептөөлөрдү жүргүзүү жана геологиялык жана геологиялык чалгындоонун экономикалык эффективдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын билүү;

– иште колдонулган эсептөө, коммуникация жана байланыш  каражаттарын тандаганды билүү;

– MS Office, AutoCad, Gemcom, Lepfrog Geo, Datamine, Micromine, ошондой эле геологияда жана тоо-кен иштеринде колдонулган адистештирилген программаларды билүу;

  • Адамдардан менен тил табышып иштөө үчүн көндүмдөргө ээ болуу;
  • «В» категорисяындагы айдоочулук күбөлүгү.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • ​​​​​​​Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
  • Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.

Анкета жана резюмени 2021ж. 12 сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0142 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА БЕЛГИЛЕНБЕСЕ, АЛАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.