“Кумтөр” Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2580 азык-түлүк баштыгын таратты

Жарыяланган: 13 December 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарыбызга 2580 азык-түлүк баштыгын таратты.

Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо – «Кумтөр» компаниясынын туруктуу долбоорлорунун бири. Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүн утурлай ишканага райондук администрациялардан, социалдык мекемелерден жана бейөкмөт уюмдардан демөөрчүлүк жардам көрсөтүү боюнча ондогон кайрылуулар түшкөн. «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги жардамга муктаждарга 5 миллион сом бөлгөн. КГКнын Туруктуу өнүктүрүү бөлүмү бул суммага азык-түлүктөрдү сатып алып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында республикада жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулуктун бир айлыгына активдүү катышып, азык-түлүк баштыктарын ар бир дарек ээсине жеткирип берди.

Кайрымдуулук акциясы Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында, Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев, Кызыл-Суу жана Түп айылдарында өткөрүлдү. Ошондой эле  Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй-Токмок окуу-өндүрүштүк ишканасында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде да уюштурулду.

Предыдущая публикация“Кумтөр” «Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары» көргөзмөсүнүн жаш катышуучуларына белектерди тапшырды Следующая публикацияӨЗБЕКСТАНДЫН ӨНӨР-ЖАЙ ФЛАГМАНЫ “КУМТӨР” АЛТЫН КЕНИНДЕ БОЛДУ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.