“Кумтөр” Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2580 азык-түлүк баштыгын таратты

“Кумтөр” Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2580 азык-түлүк баштыгын таратты

Жарыяланган: 13 December 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарыбызга 2580 азык-түлүк баштыгын таратты.

Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо – «Кумтөр» компаниясынын туруктуу долбоорлорунун бири. Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүн утурлай ишканага райондук администрациялардан, социалдык мекемелерден жана бейөкмөт уюмдардан демөөрчүлүк жардам көрсөтүү боюнча ондогон кайрылуулар түшкөн. «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги жардамга муктаждарга 5 миллион сом бөлгөн. КГКнын Туруктуу өнүктүрүү бөлүмү бул суммага азык-түлүктөрдү сатып алып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында республикада жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулуктун бир айлыгына активдүү катышып, азык-түлүк баштыктарын ар бир дарек ээсине жеткирип берди.

Кайрымдуулук акциясы Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында, Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев, Кызыл-Суу жана Түп айылдарында өткөрүлдү. Ошондой эле  Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй-Токмок окуу-өндүрүштүк ишканасында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде да уюштурулду.