Жарыяланган: 18 March 2012
Өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктарын чыгаруу жана 2012-жылга пландар регионалдык кызматташуу боюнча комитеттин 2012-жылдын 14-мартында Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында болуп өткөн отурумунда талкуулоонун предмети болуп калды.
“Тоң-Финанс” микрокредиттик агенттик өзүнүн финансылык ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берди. Аларын маалыматы боюнча, өткөн жылы 42 долбоор финансыланган, андан улам райондо кошумча 75 иш оруну түзүлгөн. 2011-жылы “Тоң-Финанс” МКАнын кредиттик портфели 14 миллион сомду түзгөн.
Дагы 92 кредит “Айыл Банктын” жергиликтүү бөлүмү тарабынан 7 миллион сомдук кредиттик линиядан берилген, аны “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2010-жылы Тоң районунун жашоочулары үчүн ачкан.
Райондун акими Бакыт Рыспаев 30 айылда айыл жыйындары болуп өткөндүгүн маалымдады, аларда райондун башчысы калкка “Кумтөр” компаниясынын регионду өнүктүрүүдөгү жардамы жөнүндө айтып берген.
Отурумда райондун жазгы талаа иштерине даярдыгын да талкуулашты.
Тоң районунун кызматташуу боюнча комитетине райондун акими, райондук жана айылдык кеңештердин башчылары, ӨЭУлардын жана “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү киришет.