17.06.2021: 7.99 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 618 440 110 USD

ТОҢ РАЙОНУНДА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

Жарыяланган: 18 March 2012

ТОҢ РАЙОНУНДА РЕГИОНАЛДЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ Өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктарын чыгаруу жана 2012-жылга пландар регионалдык кызматташуу боюнча комитеттин 2012-жылдын 14-мартында Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында болуп өткөн отурумунда талкуулоонун предмети болуп калды.

“Тоң-Финанс” микрокредиттик агенттик өзүнүн финансылык ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берди. Аларын маалыматы боюнча, өткөн жылы 42 долбоор финансыланган, андан улам райондо кошумча 75 иш оруну түзүлгөн. 2011-жылы “Тоң-Финанс” МКАнын кредиттик портфели 14 миллион сомду түзгөн.

Дагы 92 кредит “Айыл Банктын” жергиликтүү бөлүмү тарабынан 7 миллион сомдук кредиттик линиядан берилген, аны “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2010-жылы Тоң районунун жашоочулары үчүн ачкан.

Райондун акими Бакыт Рыспаев 30 айылда айыл жыйындары болуп өткөндүгүн маалымдады, аларда райондун башчысы калкка “Кумтөр” компаниясынын регионду өнүктүрүүдөгү жардамы жөнүндө айтып берген.

Отурумда райондун жазгы талаа иштерине даярдыгын да талкуулашты.

Тоң районунун кызматташуу боюнча комитетине райондун акими, райондук жана айылдык кеңештердин башчылары, ӨЭУлардын жана “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү киришет.

Предыдущая публикация«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2011-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары Следующая публикация«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» «ТОҢ-ФИНАНС» МКАНЫН КРЕДИТТИК ПОРТФЕЛИН ҮЧ ЖҮЗ МИҢ ДОЛЛАРГА КӨБӨЙТТҮ
17.06.2021: 7.99 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 618 440 110 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.