МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “FRONT END ИШТЕП ЧЫГУУ” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ

Жарыяланган: 13 January 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын “Front End иштеп чыгуу” тобунун башчысы  (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-007 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • МТ стратегияларына жана саясаттарына ылайык жаңы технологияларды колдонуу менен Фроненд иштеп чыгууларын аткаруу;
  • МТ Системасынын фронтенд иштеп чыгуулар боюнча өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу жана макулдашуу;
  • Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн программалык камсыздоонун ички жана тышкы интерфейсин өнүктүрүү максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
  • Фронтенд иштеп чыгуу боюнча стандарттар менен эрежелерди макулдашуу жана иштеп чыгуу;
  • Колдонмо программалык камсыздоосунун фронтенд бөлүктөрү боюнча МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн текшерүү;
  • Фронтенд бөлүктөрү боюнча өзгөрүүлөрдү Компаниянын МТ Дирекциясынын өзгөрүүлөр боюнча саясаттарына жана процедураларына (сhange management) дал келүүсүн көзөмөлдөө, анын ичинде иш жүзүнө ашырылган код менен технологияларды сыпаттоо боюнча документациясы да бар;
  • Фронтенд иштеп чыгуу тобуна жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;
  • Фронтенд тобунун бардык ишмердигин жетектөө жана ага жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча жеке жоопкерчиликти тартуу;
  • КГКнын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– колдонмо программалык камсыздоосун долбоорлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес;

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;

– реляциондук МБ, маалыматты транзакциондук иштеп чыгууну билүү;

– API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоо;

– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– программалоо тилдеринин (C#, Delphi, Java, VB) биринде объектиге ылайык программалоо;

– – маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттарын бирин колдонууда;

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;

– – SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;

– – Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 27-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-007.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияМААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН "ИНТЕГРАЦИОНДУК ИШТЕП ЧЫГУУЛАР" ТОБУНУН БАШЧЫСЫ Следующая публикацияМААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН "ОТЧЕТТУЛУКТУ ЖАНА МААЛЫМАТ ВИТРИНАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ" ТОБУНУН БАШЧЫСЫ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.