«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы Балдардын кризистик борборуна жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 02 June 2017

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКынын кызматкерлери Чүй облусу, Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Балдардын кризистик борборунда болушту. Кумтɵрчүлɵр 50 миӊ сомдон ашуун суммага кеңсе буюмдарын, китептерди, жумшак оюнчуктарды, тɵшɵнчүлɵрдү жана гигиена каражаттарын алып, жеткирип беришти. Бөбөктөр белектерге абдан кубанышты. Бул балдар мекемесинде учурда 3 жаштан 14 жашка чейинки 24 бала жашайт.

«Кумтɵрдүн элчилеринин» жардамы менен, мекеменин жетекчилиги менен алдын-ала макулдашуу боюнча Балдар борборунундагы оюн аянтчасы, отургучтар, даараткана, селкинчектер, сыйгаланма дɵӊчɵлɵр жана башка сырттагы оюн комплекстери, коргон, эшиктер сырдалып, айлана тазаланды.

Кайрымдуулук акциясына материалдык жардам кɵрсɵтүп, иш чарага активдүү катышкан компаниянын бардык бɵлүмдɵрдүн кызматкерлери кошулду. Жергиликтүү Кызыл Жарым Ай коомунан жаш балдары да ыктыярдуу жардам беришти.

Предыдущая публикация«Кумтөр» компаниясынын каржы бөлүм кызамткерлери Бишкек шаарындагы «Үмүт-Надежда» Балдар Реабилитациялык борборуна жардам беришти Следующая публикация«Кумтөр» компаниясынын камсыздоо бөлүмүнүн кампа чарбасындагы «А» нөөмөт кызматкерлери Каракол шаарындагы №1 бала бакчага жардам көрсөтүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.