«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы Балдардын кризистик борборуна жардам кɵрсɵтүштү

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы Балдардын кризистик борборуна жардам кɵрсɵтүштү

Жарыяланган: 02 June 2017

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКынын кызматкерлери Чүй облусу, Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Балдардын кризистик борборунда болушту. Кумтɵрчүлɵр 50 миӊ сомдон ашуун суммага кеңсе буюмдарын, китептерди, жумшак оюнчуктарды, тɵшɵнчүлɵрдү жана гигиена каражаттарын алып, жеткирип беришти. Бөбөктөр белектерге абдан кубанышты. Бул балдар мекемесинде учурда 3 жаштан 14 жашка чейинки 24 бала жашайт.

«Кумтɵрдүн элчилеринин» жардамы менен, мекеменин жетекчилиги менен алдын-ала макулдашуу боюнча Балдар борборунундагы оюн аянтчасы, отургучтар, даараткана, селкинчектер, сыйгаланма дɵӊчɵлɵр жана башка сырттагы оюн комплекстери, коргон, эшиктер сырдалып, айлана тазаланды.

Кайрымдуулук акциясына материалдык жардам кɵрсɵтүп, иш чарага активдүү катышкан компаниянын бардык бɵлүмдɵрдүн кызматкерлери кошулду. Жергиликтүү Кызыл Жарым Ай коомунан жаш балдары да ыктыярдуу жардам беришти.