Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Корпоративдик архитектураны башкаруу жетекчиси, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0326
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Максаттуу МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) долборлоо жана Компаниянын МТ стратегиясына жана бизнес-ишмердикти өнүктүрүү стратегиясына ылайык актуалдуу абалда кармоо;
- Максаттуу МТ архитектурасына (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) өзгөртүүлөрдү макулдашуу жана актуалдуу абалда кармоо;
- Технологиялык процесстин белгилүү участкаларында аткарылган МТ архитектурасынын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) шайкештик даражасын анализдөө, маалыматтык системасынын элементтерин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Компаниянын МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) башкаруу процесстеринин жетилгендиктигинин өзүнө өзү баа берүү;
- МТ архитектурасынын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) өзгөрүүлөрүнүн архитектуралык көзөмөлү, анын ичинде Компаниянын МТ архитектурасы боюнча документтери да бар;
- МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) башкаруу процесстери тууралуу тышкы жана ички МТ аудитинин сунуштарын аткаруу;
- Жетекчинин тапшырмасы боюнча Компаниянын эң маанилүү маалымат системаларын, технологияларын тандоо жана салыштырмалуу анализи;
- Белгиленген жылдарга маалымат системаларына, чечимдин базалык МТ архитектурасына (колдонмо программдык камсыздоо / аппараттык камсыздоо / технологиялар) ээлик кылуунун жалпы баасын аныктоо;
- Маалыматтык системаларды тандоо боюнча пилотторду өткөрүү (маалымат системасын айкын тандоосу белгисиз болгон учурда);
- Архитектуралык чечимдерди контролдоо жана өнүктүрүү жагында өз багыты боюнча МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү.
- Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Маалымат технологиялар/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат системалары чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес;
– маалымат технологияларын (программдык камсыздоо, инфраструктурасын) долборлоо боюнча 3 жылдан кем эмес;
– Топтун жетекчиси/ МТ долбоорлорунун жетекчиси / Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары МТ долбоорлорун/ маселелерин башкаруу боюнча 3 жылдан кем эмес;
– CASE инструменттерин колдонуу менен бизнес-архитектурасын (моделдерин, бизнес-процесстерин), МТ архитектурасын (колдонмо, маалыматтар, технологиялар) моделдөө тажрыйбасы;
– долбоорлорду, программаларды жана МТ долбоорлордук портфелдерин мыкты практикаларга (PRINCE2, ANSI PMI) ылайык башкаруу тажрыйбасы,
– архитектуралык принциптерди, архитектуралык стандарттарды жана үлгүлөрдү, архитектуралык көрүнүштөрдү, архитектуралык моделдерди жана процесстерди мыкты практикаларга, референстик архитектуралык жана тармактын стандарттарга (TOGAF, PEAF, ZACHMAN) ылайык иштеп чыгуу тажрыйбасы;
– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграция кылуу тажрыйбасы;
– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
– ITSM системалар (өзгөчө өзгөрүүлөрдү башкаруу, кубаттулукту башкаруу, конфигурацияны башкаруу жана CMDB) менен иштөө тажрыйбасы;
– ITAM системалары (активдерди башкаруу – лицензиялар, жабдуулар жана алардын наркы) менен иштөө тажрыйбасы;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– маалымат технологиялар жана долбоорлорду башкаруу боюнча мыкты практикалар (COBIT, ITIL, TOGAF, CMMI, AGILE, PMBOK, PRINCE2);
– маалымат системаларынын стандарттары жана долбоорлоо ыкмалары тууралуу жалпы түшүнүгү болуу (объектиге ылайык – Unified Process, Extreme Programming, Agile Modeling; структуралык – SADT, DFD, BPMN, ERD, flowcharts, EPC);
– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
– ANSI SQL, PL/ SQL программалоо тилдерин;
– мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
– бизнес ситемаларынын, аппараттык камсыздоонун жана технологиялардын архитектуралык аудитин уюштуруу;
– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
– 3 кем эмес бизнес – домендерде көндүмдөрү (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия);
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тили – кубатталат;
– англис тилин орточодон жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:
- Кызмат орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
Анкета жана резюмени 2021-жыл 23-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0326.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.