КОРПОРАТИВДИК АРХИТЕКТУРАНЫ БАШКАРУУ ЖЕТЕКЧИСИ (Бишкек кеңсеси)

КОРПОРАТИВДИК АРХИТЕКТУРАНЫ БАШКАРУУ ЖЕТЕКЧИСИ (Бишкек кеңсеси)

Жарыяланган: 10 December 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Корпоративдик архитектураны башкаруу жетекчиси, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0326

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Максаттуу МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) долборлоо жана Компаниянын МТ стратегиясына жана бизнес-ишмердикти өнүктүрүү стратегиясына ылайык актуалдуу абалда кармоо;
  • Максаттуу МТ архитектурасына (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) өзгөртүүлөрдү макулдашуу жана актуалдуу абалда кармоо;
  • Технологиялык процесстин белгилүү участкаларында аткарылган МТ архитектурасынын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) шайкештик даражасын анализдөө, маалыматтык системасынын элементтерин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Компаниянын МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) башкаруу процесстеринин жетилгендиктигинин өзүнө өзү баа берүү;
  • МТ архитектурасынын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар)  өзгөрүүлөрүнүн архитектуралык көзөмөлү, анын ичинде Компаниянын МТ архитектурасы боюнча документтери да бар;
  • МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) башкаруу процесстери тууралуу тышкы жана ички МТ аудитинин сунуштарын аткаруу;
  • Жетекчинин тапшырмасы боюнча Компаниянын эң маанилүү маалымат системаларын, технологияларын тандоо жана салыштырмалуу анализи;
  • Белгиленген жылдарга маалымат системаларына, чечимдин базалык МТ архитектурасына (колдонмо программдык камсыздоо / аппараттык камсыздоо / технологиялар) ээлик кылуунун жалпы баасын аныктоо;
  • Маалыматтык системаларды тандоо боюнча пилотторду өткөрүү (маалымат системасын айкын тандоосу белгисиз болгон учурда);
  • Архитектуралык чечимдерди контролдоо жана өнүктүрүү жагында өз багыты боюнча МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү.
  • Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

–      маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес;

–  маалымат технологияларын (программдык камсыздоо, инфраструктурасын) долборлоо боюнча 3 жылдан кем эмес;

– Топтун жетекчиси/ МТ долбоорлорунун жетекчиси / Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары МТ долбоорлорун/ маселелерин башкаруу боюнча 3 жылдан кем эмес;

– CASE инструменттерин колдонуу менен бизнес-архитектурасын (моделдерин, бизнес-процесстерин), МТ архитектурасын (колдонмо, маалыматтар, технологиялар) моделдөө тажрыйбасы;

– долбоорлорду, программаларды жана МТ долбоорлордук портфелдерин мыкты практикаларга (PRINCE2, ANSI PMI) ылайык башкаруу тажрыйбасы,

– архитектуралык принциптерди, архитектуралык стандарттарды жана үлгүлөрдү, архитектуралык көрүнүштөрдү, архитектуралык моделдерди жана процесстерди мыкты практикаларга, референстик архитектуралык жана тармактын стандарттарга  (TOGAF, PEAF, ZACHMAN) ылайык  иштеп чыгуу тажрыйбасы;

– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграция кылуу тажрыйбасы;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– ITSM системалар (өзгөчө өзгөрүүлөрдү башкаруу, кубаттулукту башкаруу, конфигурацияны башкаруу жана CMDB) менен иштөө тажрыйбасы;

– ITAM системалары (активдерди башкаруу – лицензиялар, жабдуулар жана алардын наркы) менен  иштөө тажрыйбасы;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– маалымат технологиялар жана долбоорлорду башкаруу боюнча мыкты практикалар (COBIT, ITIL, TOGAF, CMMI, AGILE, PMBOK, PRINCE2);

– маалымат системаларынын стандарттары жана долбоорлоо ыкмалары тууралуу жалпы түшүнүгү болуу (объектиге ылайык – Unified Process, Extreme Programming, Agile Modeling; структуралык – SADT, DFD, BPMN, ERD, flowcharts, EPC);

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;

– ANSI SQL, PL/ SQL программалоо тилдерин;

– мыкты баарлашуу көндүмдөрү;

– бизнес ситемаларынын, аппараттык камсыздоонун жана технологиялардын архитектуралык аудитин уюштуруу;

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы  принциптерин билүү;

– 3 кем эмес бизнес – домендерде көндүмдөрү (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия);

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тили – кубатталат;

– англис тилин орточодон жогору  (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • Кызмат орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 23-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0326.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.