“Кумтөрдүн” алтын ылгоо фабрикасында эки жаңы тик тегирмендер ишке берилет

“Кумтөрдүн” алтын ылгоо фабрикасында эки жаңы тик тегирмендер ишке берилет

Жарыяланган: 11 August 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) алтын ылгоо фабрикасында былтыр баштаган масштабдуу модернизациялык иштерин улантууда. Жакынкы мезгилде мунаралуу жаңы 2 тик тегирмен ишке киргизилгени турат. Мунун натыйжасында алтын алуунун пайызы бир кыйла жогоруламакчы.

Мындай жаңы жабдыктардын канчалык маанилүү экенине токтолгон КГКнын алтын ылгоо фабрикасынын менеджери Эмил Жаныбеков: “Азыр бизде горизанталдык төрт тегирмен иштеп, 96-97 пайызга чейин 20 микрондук майдалоого ээ болуу менен 88-90 пайыздын тегерегинде алтын алуудабыз. Тик же вертикалдык тегирмендердин кадимки горизанталдык тегирмендерге караганда кенди майдалоо эффективдүүлүгү алда канча жогору. Жаңы эки тик тегирменди ишке берүү менен биз 99 пайыз 20 микронго чейинки майдалоого жетишип, алтын алуунун пайызын 90-92ге жеткиребиз. Салыштыра келсек, адамдын чачынын калыңдыгы 75 микронго барабар”-деди.

Кыргызстанда мындай жабдыктар эң биринчи жолу орнотулууда. Тетиктерин чогултуп, тегирменди орнотуу иши абдан татаал болгондуктан, өндүрүүчү компаниянын өкүлү кошо келип, баардык ишти өзү көзөмөлгө алууда.

– “Кумтөрдөгү” өндүрүштүк коопсуздук эрежелердин сакталышы чынында абдан жакшы таасир калтырды. Ар бир кызматкер, жөнөкөй жумушчу болобу, подряддык уюмдун өкүлү болобу ар бир смендин коопсуз өтүшү үчүн биргеликте аракеттенишет экен. Бул жактагы тик тегирмендер орнотулуп жаткан курулуш аянтчасында дагы кесиптештерибиз коопсуздук эрежелерине кылдат көз салып жатышат, – дейт долбоордук инженер Жейсон Карлос Магалус.

Жаңы тегирмендерди орнотуу иши жакынкы жумаларда аяктайт. Бул жабдыктар саатына 400 тоннага чейинки кендин флотациядагы концентратын иштете алат. Кошумча тегирмендердин орнотулушу, фабрикада жасалып жаткан башка дагы модернизациялык иштердин натыйжасында, компания аз кубаттуулук менен алтын өндүрүүнүн көлөмүн бир кыйла арттырууга жетишмекчи.