Ысык-Көлдүн жаш спортчуларын колдоо

Ысык-Көлдүн жаш спортчуларын колдоо

Жарыяланган: 26 November 2014

2014-жылдын 24-ноябрында Тоң районунун Төрт Күл айылында «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен курулган жаңы футбол талаасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Жер тилкесин айыл өкмөтү бөлүп берген. Курулушка 2,85 миллион сом жумшалды. Мини-футбол талаасынын ачылыш урматына 17 команда катышкан райондук спартакиада өткөрүлдү.

«Биздин айылда мини-футболго ынтызар жаш балдар абдан көп. Бул талаа пайда болгуча машыгууга жер жок, балдар башка райондорго барууга аргасыз болуп келишкен», – деп Төрт Күл айыл башкармалыгынын жетекчиси Канатбек Арпачиев билдирди. «Заманбап тозмо коюлуп, жарык берүүсү жана атайы төшөөсү бар спорт аянты пайда болгонуна кубанычтабыз».

Жети-Өгүз айылы ар дайым таэквондочуларынын жетишкендиктери менен атагы чыгып келген. Беш спортчусу республика чемпиону титулун жеңип алган. Алардын бардыгы Кыргыз республикасынын таэквондо-до WTF Ассоциациясынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүндө тарбияланган.

“Кумтөр” компаниясы 250м2 атайы мат сатып берди, анткени буга чейин балдар жараксыз шарттарда машыгып келген. Азыркы тапта үч группада 7ден 25 жашка чейинки мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү машыгууда.

Ноябрдын башында Каракол шаарынын «Кумтөр» командасы өзүнүн дебюттук сезонунда футбол боюнча республикалык чемпионатта жеңүүчү болду. Чечүүчү беттеште караколдук футболчулар «Абдыш-Ата» командасы менен ойноп жеңишке жетти. Алтын өндүрүүчү компания өспүрүмдөрдүн футбол командасын колдоого 1млн сомдой бөлгөн. Мындай колдоонун жардамы менен команда экипировка алууга жана жарыштарга барууга мүмкүнчүлүк алган.