Жарыяланган: 17 September 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сиздерди шиналарды жана материалдарды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жол-жобосуна катышууга чакырат.
Коммерциялык сунушта сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: лоттун номери, сток номери, сунушталып жаткан бренд.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштама жана башка документтер табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, мөөр басылып, PDF форматында тапшырылууга тийиш (баалар таблицасы кошумча түрдө .xlsx форматында да берилүүгө тийиш). |
| Сунуштарды берүү тартиби | Катышуучулар катышуу үчүн табыштаманы орус же англис тилинде берүүгө тийиш. Зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрү тиркелип, электрондук түрдө [email protected] дарегине 2026-жылдын 28-сентябрын, саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча, GMT+6) жөнөтүлүшү керек.
Сатып алынуучу фильтрлердин тизмеси тиркелет. |
| Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен берилүүгө тийиш:
∙ Жеткирүү мөөнөттөрү: кыскараак мөөнөттөр баалоодо артыкчылыкка ээ болот. ∙ Жеткирүү шарттары:
∙ Төлөм шарттары: алдын ала төлөм / кийин төлөө. ∙ Өндүрүүчү жөнүндө маалымат, парт-номер. ∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 күн болууга тийиш. |
| Коммерциялык сунуштун валютасы:
|
Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн: Коммерциялык сунуш Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, башкача айтканда кыргыз сомунда (KGS) берилүүгө тийиш.Кыргыз Республикасынын резиденттери эмес тараптар үчүн: Коммерциялык сунушту башка чет өлкөлүк валюталарда берүүгө жол берилет. |
| Баалоо критерийлери:
|
Тандоодон эң төмөнкү бааны сунуштаган, техникалык талаптарга жооп берген, жеткирүүнүн оптималдуу мөөнөттөрүн сунуштаган сунуш өткөн деп таанылат. |
| Буйрутмачы кайсы бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта берилүүгө тийиш. | |
| Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күндү түзүүгө тийиш. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
(МААНИЛҮҮ! Коммерциялык сунуштарды бул электрондук дарекке жөнөтпөңүздөр.) |
|
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш. | |
Тиркемелер: