Жети-Өгүз районунун жана Балыкчы шаарынын жашоочуларынын тобу «Кумтөр» кен ишканасында болду

Жети-Өгүз районунун жана Балыкчы шаарынын жашоочуларынын тобу «Кумтөр» кен ишканасында болду

Жарыяланган: 09 December 2011

Жети-Өгүз районунун жана Балыкчы шаарынын жашоочуларынын тобу «Кумтөр» кен ишканасында болду
2011-жылдын 8-декабрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун жана Балыкчы шаарынын жашоочуларынын тобу «Кумтөр» кен ишканасына барышты. Делегациянын курамына Жети-Өгүз районунун он эки айыл өкмөтүнүн жана Балыкчы шаарынын жарандык коомунун 30дай активисттери киришти. Сапар региондун жаштар уюмдарынын ишкананын иши менен жеринде таанышуу үчүн алтын чыккан жерге баруу боюнча өтүнүчүнөн улам уюштурулган.

Компаниянын адистери конокторго бардык бөлүмдөрдүн иштери, кен ишканасынын пландык көрсөткүчтөрү жөнүндө айтып беришти, берилген бардык суроолорго жеткиликтүү жооп бергенге аракеттеништи. Иш сапарынын жүрүшүндө Ысык-Көл областынын жашоочулары кен ишканасындагы бардык маанилүү объектилерде болушту, ачык карьерге, алтын ылгоочу фабрикага, Петров көлүнө жана калдыктарды сактоочу жайдын дамбасына барышты, кен ишканасында иштеп жатышкан кыргызстандыктардын социалдык-тиричилик шарттары менен таанышышты.

– «Кумтөр» кен ишканасына Ысык-Көл областынын жашоочулары үчүн мындай сапарлар салттуу болуп калды. Биз компаниянын иши мүмкүн болушунча ачык болушу, областтын жашоочулары өндүрүш эл аралык тажрыйбаны жана эң катуу экологиялык жана өнөр жай стандарттарын сактоо менен жүзөгө ашырылып жатканын көрүшү үчүн мындан ары да бардык аракеттерди жумшай бермекчибиз, – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов.