«Кумтөр» республикалык мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын ассоциациясына жардам берди

Жарыяланган: 26 April 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) социалдык жоопкерчиликтүү компания катары калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча жигердүү кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Дагы бир жардамды Республикалык мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар коому алды.

Ишкана жалпысынан 206 360 сомго тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын сатып алды. Жүк аталган коомдук уюмдун кеңсесине жеткирилди. Кумтөрдөн алынган гуманитардык жардам Бишкекте жашаган аз камсыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 70 айымга таратылып берилет.

– «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү бизге кандай колдоо керек экенин алдын ала аныкташканы мени кубандырды. Мисалы, чоңдор үчүн жеке кам көрүү каражаттары. КГКнын жетекчилигине көңүл бөлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көрсөткөндүгү үчүн рахмат, – деп ыраазычылык билдирди  Республикалык мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар ассоцияациясынын өкүлү Нишана Жээналиева.

МААЛЫМАТ: Республикалык мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар ассоциациясы 1996-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюм өлкө боюнча миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын башын бириктирет.

Предыдущая публикацияЖогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кенине барышты Следующая публикация«Кумтөр» Ысык-Көл облусундагы «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын колдоду
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.