«Кумтɵр Голд Компанинин» маалымат борбору эми Жети-Ɵгүз районунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан

«Кумтɵр Голд Компанинин» маалымат борбору эми Жети-Ɵгүз районунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан

Жарыяланган: 21 April 2015

«Кумтɵр Голд Компанинин» Жети-Ɵгүз району боюнча регионалдык маалымат борбору 2015-жылдын апрелинен баштап райондук мамлекеттик администрациянын Кызыл-Суу айылындагы имаратында жайгашууда. Борбор келүүчүлɵр үчүн дүйшɵмбү – жума күндɵрү саат 9:00дɵн 17:00гɵ чейин ачык.
«Кумтɵр Голд Компани» үчүн коомчулук менен байланыштар жамааттар менен ɵз ара аракеттенүүнүн маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат. Мурда маалымат борбору Барскоон айылында, калктуу пункттан алыс жайгашкандыктан, райондун кɵптɵгɵн жашоочулары үчүн ага баруу проблемалуу болгон. Жашоочулардан түшкɵн кайрылуулардан улам компания тарабынан аталган борборду райондун борборуна которуу чечими кабыл алынган.

Маалымат үчүн: Башкы офис менен Ысык-Кɵл областынын жашоочуларынын ортосундагы катнашты оптималдаштыруу максатында компания тарабынан областта Балыкчы шаарында, Тоӊ жана Жети-Ɵгүз райондорунда үч маалыматтык борбор ачылган. Реигоналдык маалымат борборлорунун максаты болуп жергиликтүү жашоочуларга «Кумтɵр Голд Компанинин» ишмердүүлүгү жɵнүндɵ анык маалыматты берүү саналат. Мында Компаниянын отчеттору, ал жɵнүндɵ жарыялоолор, компаниянын регионду ɵнүктүрүүгɵ салымы жɵнүндɵ маалымат жеткиликтүү. Борборлордон компанияга ишке орноштуруу процедуралары менен таанышууга, кадр саясаты жана бош вакансиялар жɵнүндɵ маалымат алууга болот. Борборлордун бардык кызматтары калкка акысыз кɵрсɵтүлɵт.

kyzyl_suu1kyzyl_suu2