КАЛДЫКТАР ЧАРБАСЫНЫН ОБЪЕКТТЕРИН БАШКАРУУНУН УЛУТТУК (СНИП, ГОСТ, СП) ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК (GISTM, ICOLD, ICMM, ANCOLD, CDA) НОРМАЛАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН ТАЛДОО ЖАНА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ИНСПЕКЦИЯ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА

КАЛДЫКТАР ЧАРБАСЫНЫН ОБЪЕКТТЕРИН БАШКАРУУНУН УЛУТТУК (СНИП, ГОСТ, СП) ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК (GISTM, ICOLD, ICMM, ANCOLD, CDA) НОРМАЛАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН ТАЛДОО ЖАНА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ИНСПЕКЦИЯ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 21 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-майы, саат 10:00.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди Калдыктар чарбасынын объекттерин башкаруунун улуттук (СНиП, ГОСТ, СП) жана эл аралык (GISTM, ICOLD, ICMM, ANCOLD, CDA) нормаларына шайкештигин талдоо жана көз карандысыз инспекция жүргүзүү боюнча кызматтарды аткаруу үчүн чектелген алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.

Тапшырманын баяндамасы Калдыктар чарбасынын объекттерин башкаруунун улуттук (СНиП, ГОСТ, СП) жана эл аралык (GISTM, ICOLD, ICMM, ANCOLD, CDA) нормаларына шайкештигин көз карандысыз инспекциялоо жана талдоо жүргүзүү.
Тапшыруу форматы: Алдын ала квалификациялык тандоодон өтүү боюнча конкурстук табыштамага жана башка документтерге, табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан (ишеним каттын негизинде) кол коюлушу керек.
Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылуусу керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Сунуштарды

тапшыруу тартиби

 

Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу боюнча сунушун даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө inspectionxx-2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026‑жылдын 20-майы, саат 10:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Техникалык тапшырма, кол коюлган Купуялык жөнүндө макулдашуунун негизинде алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн катышуучуларга гана берилет.

Документтерге коюлуучу талаптар – уюмдун каттоо документтери;

– акыркы 10 жылдагы ITRB долбоорлорунун тизмеси;

– GISTM / ICOLD / ANCOLD / CDA талаптарына шайкештик боюнча тажрыйбаны тастыктоо;

– объектке чыгууда ITRB‑5 боюнча даярдыгын тастыктоо.

Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек:
  1. Алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
  2. №1 тиркемеге жана №2 тиркемеге ылайык талаптар:
юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Уставдын), ошондой эле жетекчи болуп дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
2023–2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү.
Баалоо

критерийлери:

Алдын ала квалификациялык тандоодон бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин тапшырган сунуш өткөн деп таанылат.
«Калдыктар чарбасынын объекттерин башкаруунун улуттук жана эл аралык нормаларына шайкештигин көз карандысыз инспекциялоо жана талдоо» деген теманы көрсөтүү менен катышуу сунушун inspection-xx-2026@kumtor.kg электрондук почта дарегине 2026‑жылдын 20-майы, саат 10:00гө чейин жөнөтүү керек.
Буйрутмачы келишим ыйгарылганга чейин каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган учурда жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.
Катышуу боюнча сунуш расмий бланкта даярдалышы керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген алдын ала квалификациялык тандоого катышуу сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Алдын ала квалификациялык тандоонун ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Табыштамалар жана документтер чет тилдерде берилген учурда орус тилиндеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилиш керек.

Ушул алдын ала квалификациялык тандоонун шарттарын тактоо боюнча жана ушул алдын ала квалификациялык тандоо боюнча суроолор, сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун aibek.berdigulov@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР