Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүү фондунун дирекциясы «Кумтɵр» кен ишканасында болду

Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүү фондунун дирекциясы «Кумтɵр» кен ишканасында болду

Жарыяланган: 18 June 2018

2018-жылдын июнь айынын башында Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүү фондунун дирекция кызматкерлери таанышуу сапары менен «Кумтɵр» кен ишканасында болушту. Топ негизги ɵндүрүш объектилеринде – Алтын ылгоочу фабрика, карьер, туюккап чарбасы жана ошондой эле турак-жай лагеринде болду.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун директор орун басары Актан Мамбеткулов аймактын тургундары менен тыгыз иштешерин жана алтын кендин экологияга таасири жөнүндө элден көп суроо түшөрүн билдирди. «Фонддун кызматкерлери кен ишканага биринчи жолу чыгып жатышат. Биринчи максат – кызматкерлерди өндүрүш менен тааныштыруу, экинчиси – бизге кайрылган адамдардын түркүн суроолоруна, анын ичинде Кумтөрдүн айлана-чөйрөгө таасири жөнүндө, жооп алуу. Кумтөрдүн кызматкерлери баарын ачык көргөзүп, айтып берип, суроолорубузга толук жооп беришти. Баарына абдан ыраазыбыз», – деп, билдирди.

Ысык-Кɵл областын ɵнүктүрүү фонду түзүлгɵн 2009-жылдан бери бүтүндɵй Ысык-Кɵл аймагы боюнча түркүн инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого 60 миллиондой АКШ доллары инвестицияланган. 2017-жылы «Кумтɵр» компаниясы Ысык-Кɵл областын ɵнүктүрүү фондуна 6,4 миллиондой АКШ долларын которгон.