Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Бургулоо машинисттеринин бригадири (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0198
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Бургулоо бригадаларын жетектөө жана эффективдүү иштөөсүн камсыздоо;
- Бургулоо технологиясынын талаптарына ылайык бургулоо жабдуусунун жана материалдарынын өз убагында келип түшүүсүн уюштуруу жана контролдоо;
- Жер астындагы жолдордун жана бургулоо аянтчаларынын курулушун контролдоо;
- Бургулоо жабдууларын ташып жеткирүүсүн уюштуруу;
- Жабдуулардын жана башка техникалык каражаттардын ремонтун, техникалык тейлөөсүн, кароосун уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- Бургулоо жумуштарын өткөрүүдө коопсуздук техникасынын сакталышын көзөмөлдөө;
- Подряддык уюмдарынын жумушчулары тарабынан коопсуздук эрежелерин сакташын көзөмөлдөө.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку техникалык билим;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Наличие:
– бургулоо жана геологиялык чалгындоо иштерин жетектөө боюнча уруксаттар;
– бургулоо жабдуусунун машинистинин күбөлүгү;
– айдоочунун күбөлүгү (В категориясы).
Анкета жана резюмени 2021-жыл 14-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0198.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.