ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК БАГЫТЫ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК БАГЫТЫ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 11 November 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жер астындагы кен иштетүү бөлүмүнө (финансы-экономикалык багыты) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Финансы, экономика, бухгалтердик эсеп же ага байланыштуу багыттар боюнча жогорку билим;
  • Компьютердик көндүмдөрдү колдонуучунун деңгээлинде билүү (MS Office пакети, Outlook);
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
  • Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;
  • Документтер менен иштөө көндүмдөрү;
  • Ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү.

Милдеттер:

  • Бухгалтерия бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу;
  • Бухгалтердик өткөрмөлөрдү даярдоого, маалыматтарды чогултууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
  • Документтерди архивдөө;
  • Бөлүмдүн учурдагы ишмердүүлүгүнүн алкагында техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе;
  • Такшалма графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 25-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.