Жарыяланган: 24 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 31-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») сиздин компанияңызды жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроого катышууга чакырат.
| Бөлүнүүчү лоттор | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| Лот 1 | ОСЕВЫЕ РЕВЕРСИВНЫЕ НАСТЕННЫЕ ВЕНТИЛЯТОРЫ ДИАМЕТРОМ 30 см | 128 | даана |
| Лот 2 | ПРОМЫШЛЕННЫЙ ОСЕВОЙ ВЕНТИЛЯТОР MASTER BL 4800 в комплекте с гибким воздуховодом (гофрой) или ЭКВИВАЛЕНТ | 2 | даана |
| Лот 3 | ПРОМЫШЛЕННЫЙ ОСЕВОЙ ВЕНТИЛЯТОР МАSTER BL 6800 или ЭКВИВАЛЕНТ | 4 | даана |
| Лот 4 | ВОДОНАГРЕВАТЕЛЬ, 30 ЛИТРОВ, ВХОДНОЕ НАПРЯЖЕНИЕ: 220–240 ВТ, 2000В | 38 | даана |
| Лот 5 | ПРОМЫШЛЕННЫЙ ЭЛЕКТРИЧЕСКИЙ НАКОПИТЕЛЬНЫЙ ВОДОНАГРЕВАТЕЛЬ ОБЬЕМОМ 350 л – 450 л. И МОЩНОСТЬЮ 54 кВт, 380 В. | 20 | даана |
| Лот 6 | НАГРЕВАТЕЛЬ СИЛИКОНОВЫЙ ДЛЯ МЕТАЛЛИЧЕСКИХ БАРАБАНОВ HSSD‑D‑3: НАПРЯЖЕНИЕ 220–240 В, МОЩНОСТЬ 1500 ВТ | 20 | даана |
| Лот 7 | ТЭН ДЛЯ ПОСУДОМОЕЧНОЙ МАШИНЫ HOBART (IRCA 5237 838 R) TOP 167C.254V.6100W. 324637-3 | 10 | даана |
| Лот 8 | МОЙКА ВЫСОКОГО ДАВЛЕНИЯ STANLEY 18V FATMAX V20 МОЩНОСТЬ 24 БАР или ЭКВИВАЛЕНТ | 1 | даана |
Берүү форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары — «КС») PDF форматында берилип, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле КС ишкананын расмий бланкында, колу жана мөөрү менен таризделиши керек.
Сунуштарды берүү тартиби: Тандоонун катышуучулары КСти орус же кыргыз тилинде берип, электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: geomove@kumtor.kg 2026-жылдын 31-июлу, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
Жеткирүү жери: Кыргызстан, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24/1.
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Сүрөттөмөгө, техникалык параметрлерге/техникалык тапшырмага (ТТ) ылайык келген жана эң төмөн бааны сунуштаган КСти берген сунуш жеңүүчү деп табылат.
Өз сунушун берүү менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.
КГК кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим берилгенге чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана мында КС берген тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Ар бир тандоонун катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуштарды тандоо мезгилинде коммерциялык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Ушул тандоо боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: nurlan.semetov@kumtor.kg. Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.