Ысык-Көл облусунда «Жаштар ишкердиги» долбоору башталды

Ысык-Көл облусунда «Жаштар ишкердиги» долбоору башталды

Жарыяланган: 26 June 2015

Балыкчы шаарында бүгүн, 2015-жылдын 26-июнунда, Start Up Weekend башталды. Анын жүрүшүндө бизнес баштоого окутууга талапкерлер тандалып алынып, арасындагы мыкты бизнес-пландарга грант алуу мүмкүндүгү бар.Иш чара «Кумтөр Голд Компанинин» каржылоосу менен Борбор Азиянын Евразия фонду (БАЕФ) тарабынан жүзөгө ашырып жаткан «Жаштар ишкердиги» долбоорунун алкагында өтмөкчү.

Мурда жарыяланган ачык сынакта 20 дан 28 жашка чейин курактагы, Ысык-Көлдүн тескейинде (Балыкчыдан Түпкө чейин) жашаган жаштар бизнес идеяларын кыска сүрөттөө менен билдирмелерин жөнөтүшкөн. Сынакка келип түшкөн 350 билдирмеден негизги талаптарына жооп берген 215и тандалып алынган.

«Биз өз бизнесин баштоону каалаган жаштардан, ошондой эле учурдагы бизнесин кеңейтүүнү каалаган жаш ишкерлерден билдирмелерди чогулттук. Мында билдирме ээсинин 15 пайыздан кем эмес өз салымын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү, жаңы баштап жаткан бизнесте бештен кем эмес иш орун түзүүнү кароого тийиштиги негизги шарттардын бири болгон», – деп белгиледи БАЕФтин долбоорлор боюнча менеджери Назгүл Аксариева.

2015-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин созулуучу Балыкчыдагы Start Up Weekend тандоонун кезектеги баскычы. Мында ар бир катышуучу бизнес идеясын кыска, так сүрөттөп жана анын келечектүүлүгүн далилдөөсү керек. Андан кийин жаштар бири-бири үчүн добуш берип, эң келечектүү долбоорлорду өздөрү тандап алышат.

Июлдун башында ушундай эле Start Up Weekend Каракол шаарында да өтмөкчү. Эки иш чаранын жыйынтыгында 60 адам тандалып алынып, ишкерчиликке окутулат жана тажрыйбалуу насаатчылардын жардамы менен бизнес-пландардын акыркы, ишке жарамдуу үлгүсүн түзүшөт. Мыкты бизнес-пландардын авторлору 10 миң АКШ долларына чейин грант алышмакчы. 15 мыкты бизнес долбоор каржыланышы күтүлүүдө.

«Ысык-Көл облусунун жаштарында өз ишин баштоо боюнча кызыктуу идеялар көп экендигин көргөнүмө өтө кубанычтамын. Биздин компания жаштардын аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого дайыма даяр. Биргелешкен аракеттер менен олуттуу натыйжаларга жетишип, облустун экономикасын өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошо ала тургандыгыбызга ишенем», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» тобокелчиликтерди башкаруу, нормативдик базаны сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик.

«Жаштар ишкердиги» долбоорунда Ысык-Көл облусунун жаштарын ишке орноштуруу көндүмдөрүнө окутуу жана алар үчүн ар кандай компанияларда жана ишканаларда тажрыйбадан өтүү да уюштурулаарын кошумчалайбыз.