ТРАНСПОРТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТРАНСПОРТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 25 March 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында транспорт бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку билимдин болушу;
  • Англис тилин милдеттүү түрдө билүү;
  • Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
  • Туристтик кызмат көрсөтүү тармагында тажрыйбага артыкчылык берилет;
  • Натыйжалуулук жана командада иштөөгө каалоо.

Милдеттер:

  • Түздөн-түз жетекчинин тапшырмасы боюнча буйруктарды аткарат жана эмгек операцияларын аткарат;
  • Кыргыз Республикасына визаларды берүү боюнча адиске көмөк көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык консулдук кызматтарында визалык жол-жоболорду контролдойт жана Компаниянын чет өлкөлүк кызматкерлери жана коноктору үчүн визалардын өз убагында алынышын камсыздайт;
  • Виза режими бар өлкөлөргө иш сапарга жөнөтүлгөн Компаниянын жергиликтүү кызматкерлерин виза менен камсыздоо боюнча иштерди аткарууга көмөк көрсөтөт;
  • Зарыл болгон учурда Компаниянын конокторуна визалык колдоо көрсөтүү боюнча иш алып барат;
  • Компаниянын чет өлкөлүк кызматкерлерине иштөөгө уруксат алууда адиске жардам берет;
  • Чет өлкөлүк кызматкерлерди Кыргыз Республикасында убактылуу каттоого алуу жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН) алуу боюнча иштерди жүргүзөт;
  • КГК жетекчилигинин расмий буйругуна ылайык, чет өлкөгө чыгуучу адамдарга чет өлкөлүк визаларды алууга көмөк көрсөтөт;
  • Виза алуу үчүн документтердин тиешелүү пакетин даярдайт жана тариздейт;
  • Паспорттордун, визалардын жана визалык камсыздоого байланышкан башка документтердин көчүрмөлөрүнүн архивдик иш-чараларын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Насаатчы-адистин милдеттерин күнүмдүк аткарууга көмөктөшүү, тактап айтканда, компаниянын кызматкерлерине, ошондой эле компаниянын конокторуна авиабилеттерди жана мейманканаларды өз убагында брондоону камсыз кылуу;
  • Компаниянын жүргүнчүлөрү жана компаниянын аба транспорту боюнча өнөктөштөрү менен түздөн-түз жана туруктуу байланышта болот.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 8-апрель, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.