ТАРМАКТЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ТАРМАКТЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 05 August 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 11-августу, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди техникалык тапшырмага ылайык тармактык жабдууларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышуу табыштамасы жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилүүгө тийиш. (Баалар таблицасын кошумча түрдө .xlsx форматында да берүү керек.)
Сунуштарды берүү тартиби

 

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1)            Эгерде жеткирип берүүчү мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка товар жеткирбеген болсо, ал квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)            Тандоонун талаптарына ылайык орус тилиндеги катышуу табыштамасын даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө network@kumtor.kg электрондук дарегине Бишкек убактысы боюнча 2026-жылдын 11-августу саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек.

Башка электрондук почта даректерине келип түшкөн конкурстук сунуштар каралбайт.

Катышуу табыштамасы төмөнкү документтерди камтышы керек: Жеткирип берүүчүлөр тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

·         Товардын аталышы;

·         Техникалык баяндама;

·         Бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү камтыган баасы;

·         Жеткирүү мөөнөттөрү;

·         Төлөм шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү табыштама берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Баалоо критерийлери: Жеңүүчү болуп техникалык тапшырмадагы товардын техникалык баяндамага ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган коммерциялык сунуштун ээси таанылат.
Сунуштарды Бишкек убактысы боюнча 2026-жылдын 11-августу саат 17:00гө чейин network@kumtor.kg электрондук почта дарегине жөнөтүү керек:
Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Коммерциялык сунуш компаниянын расмий бланкында таризделип, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка даректелип, ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлуп жана компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт.

Ар бир тандоого катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: Bermet.Kunduzbekova@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

Тиркемелер:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА