ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 01 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Геология” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Геология, минералогия, стратиграфия жана тектоника негиздерин билүү, микроскоп менен негизги иштөө көндүмдөрү болуу;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office, AutoCAD, MapInfo программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Геологиялык иштердин түрлөрү жана методдору менен таанышуу;
  • Байкоо чекиттери менен проба алууларды баяндоо менен геологиялык маршруттарга катышуу;
  • Минералдашуу зоналары менен башка элементтерди түшүрүпд деталдуу участоктордун геологиялык карта фрагменттерин түзүү;
  • Участкалык геологдун байкоосу алдында геологиялык скважиналардан алынган керн пробаларын каттоо;
  • Жер үстүндөгү тоо-кен выработкаларды – казылган арыктарды, бульздозер менен алынган жер оюктарын жана геохимиялык профильдерди табигый кендин ачыкка чыгуулары боюнча каттоо;
  • Жайкы практиканын жыйынтыгы боюнча отчет түзүү үчүн геологиялык материалдарды чогултуу жана үлгүлөр жыйнагын топтоо.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.