СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА ДИЗАЙНЕРДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ КОНКУРС

СЕРВИС-КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫНДА ДИЗАЙНЕРДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ КОНКУРС

Жарыяланган: 06 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-октябры, саат 11:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сервис-келишим шарттарында дизайнердик кызмат көрсөтүүгө бир этаптуу эки пакеттүү жол-жобо боюнча өткөрүлүүчү чектөөсүз катышуу конкурска катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Бардык документтер катышуучунун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби: Конкурстун катышуучулары конкурстук арызды кыргыз тилинде даярдап, 2026-жылдын 14-октябрында саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүүгө тийиш: [email protected].

Конкурстук арыз катышуучу тарабынан жарыяда көрсөтүлгөн электрондук дарекке документтерди эки өзүнчө пакет (файл) түрүндө жөнөтүү аркылуу электрондук форматта берилиши керек.

Биринчи пакет — квалификациялык

Биринчи пакетте катышуучунун конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин ырастаган документтер камтылышы керек.

Биринчи пакеттин документтери ачык түрдө (архивдебестен жана сырсөзсүз) жөнөтүлөт.

Экинчи пакет — коммерциялык сунуш

Коммерциялык сунушту камтыган экинчи пакет:

·         архивге (ZIP же RAR) таңгакталынган;

·         сырсөз менен корголуушу керек.

Экинчи пакет камтылган архив биринчи пакет менен бир убакта жөнөтүлөт, бирок архивдин сырсөзү конкурстун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн катышуучулар тарабынан Буйрутмачынын суроо-талабы боюнча гана берилет.

Конкурстун биринчи этабы аяктап, катышуучуларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин экинчи пакет ачылбайт жана сырсөз берилбейт.

Электрондук каттын темасында төмөнкүлөрдү көрсөтүү сунушталат:
«Дизайнер конкурсу – Биринчи жана Экинчи пакет – (катышуучунун аты-жөнү)».

Эгер тиркемелердин көлөмү электрондук почтанын уруксат берилген чегинен ашса, конкурстук арызды каттын темасында бөлүктүн номерин (1-бөлүк, 2-бөлүк ж.б.) көрсөтүү менен бир нече кат аркылуу жөнөтүүгө жол берилет.

Белгиленген тартипти бузуу менен берилген же эки пакетти тең камтыбаган конкурстук арыздар четке кагылышы мүмкүн.

Маанилүү!!! Бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш. Уруксат берилген көлөмдөн ашкан учурда конкурстук арыз каттын темасында бөлүктүн номерин көрсөтүү менен бир нече кат аркылуу жөнөтүлөт.
Конкурстук арыз төмөнкү документтерди камтууга тийиш: 1.       Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме (№1 тиркеме — конкурстук арыздын биринчи пакети);

2.       Конкурстук арызды кепилдеген декларация (№2 тиркеме — конкурстук арыздын биринчи пакети);

3.       Катышуучунун анкетасы (№3 тиркеме — конкурстук арыздын биринчи пакети);

4.       Коммерциялык сунуш (№4 тиркеме — конкурстук арыздын экинчи пакети);

5.       Жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк/патент же жеке ишкер катары милдеттүү түрдө катталуу же патент алуу жөнүндө кепилдик кат (конкурстук арыздын биринчи пакети);

6.       Паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсү же инсандыгын ырастаган башка документ — жеке адамды идентификациялоо үчүн (конкурстук арыздын биринчи пакети);

7.       Иш тажрыйбасын ырастаган документтер же эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо жана талап кылынганда), келишимдердин көчүрмөлөрү (конкурстук арыздын биринчи пакети);

8.       Банктык реквизиттер — келишим боюнча төлөм жүргүзүү үчүн (бар болсо) (конкурстук арыздын биринчи пакети);

9.       Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (конкурстук арыздын биринчи пакети);

10.   Мамлекеттик салык кызматына карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат (ЖИ болсо) (конкурстук арыздын биринчи пакети);

11.   Техникалык тапшырмада каралган башка документтер (конкурстук арыздын биринчи пакети).

Конкурсту өткөрүү тартиби жана баалоо критерийлери Конкурс чектөөсүз катышуу менен бир этаптуу эки пакеттүү жол-жобо боюнча өткөрүлөт.

Биринчи этапта берилген документтер боюнча конкурстук арыздардын конкурстук документтердин жана Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештиги каралат жана бааланат.

Биринчи этаптын талаптарына шайкеш деп табылган талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

Экинчи этапта биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин экинчи пакети — коммерциялык сунуштары ачылып, конкурстук документтерде белгиленген тартипте каралат.

Биринчи этаптан өтпөгөн же документтердин толук топтомун бербеген катышуучулар экинчи этапка өткөрүлбөйт.

Кошумча шарттар: Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш берүүгө укуктуу.

Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук сунуштар каралбайт.

Буйрутмачы келишим ыйгарылганга чейин катышуучулардын алдында милдеттенме албастан каалаган сунушту четке кагууга же конкурсту жокко чыгарууга укуктуу.

Конкурстук сунушту берүү катышуучунун конкурстук бардык шарттарына макулдугун билдирет.

конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү — кеминде 60 календардык күн.

Түшүндүрмө алуу үчүн байланыштар: Бардык суроолорду төмөнкү электрондук почтага жөнөтүңүз: [email protected].

Суроо-талаптар арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.

Тиркемелер: 1. Дизайнердик кызмат көрсөтүүгө Техникалык тапшырма;

2. Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме (№1 тиркеме — конкурстук арыздын биринчи пакети);

3. Конкурстук арызды кепилдеген декларация (№2 тиркеме — конкурстук арыздын биринчи пакети);

4. Катышуучунун анкетасы (№3 тиркеме — конкурстук арыздын биринчи пакети);

5. Коммерциялык сунуш (№4 тиркеме — конкурстук арыздын экинчи пакети).

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР