МАЙДЫ ЭСЕПКЕ АЛУУ ҮЧҮН ЭСЕПТЕГИЧТИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

МАЙДЫ ЭСЕПКЕ АЛУУ ҮЧҮН ЭСЕПТЕГИЧТИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 08 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди майды эсепке алуу үчүн эсептегичти жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Сунуш берүү форматы

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. Баалык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 17-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • Баалык сунуштун колдонуу мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталып жаткан товарга сертификат берүү.

Жеткирүү орду

DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргызстан, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Сыпаттамага толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.

«Сурам, сток 00.01.886 (майды эсепке алуу үчүн эсептегич)» деген темадагы сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 17-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүү зарыл.

Заказчы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта токтотуу укугуна ээ жана бул үчүн баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында, кол коюлуп жана мөөр басылып таризделиши керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунуш берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.

Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Тандоо өткөрүлүп жаткан мөөнөттө баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Техникалык тапшырма.