НОРМАТИВДИК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

НОРМАТИВДИК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 01 November 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

«Кумтор Голд Компани» ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

Багыттардын бири боюнча жогорку билим:

  • Рудалык кендерди жер алдында жана ачык иштетүү, геология, маркшейдердик иш;
  • Тоо-кен машиналары жана жабдуулары, тоо-кен өндүрүшүн электрлештирүү жана автоматташтыруу;
  • Стандартташтыруу, сертификаттоо жана метрология;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо;
  • Тил илими, архивди башкаруу жана бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү ж. б.

Милдеттери:

  • Тоо-кен өндүрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана метрология маселелери боюнча бөлүмдүн уруксат берүүчү документтеринин маалымат базасын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.
  • Лицензияларды, уруксаттарды жана макулдашууларды алуу үчүн документтердин зарыл пакетин чогултууга көмөк көрсөтүү.
  • Бөлүмдүн адиси менен бирдикте тоо-кен өндүрүшүнүн, айлана-чөйрөнү коргоонун, метрологиянын ж. б. долбоорлорун коштойт.
  • Нормативдик базанын сакталышы боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү:

– Тоо-кен өндүрүшү тармагында;

– Айлана-чөйрөну коргоо тармагында;

– Техникалык түзүлүштөрдү, жабдууларды жана транспорт каражаттарын каттоодо жана техникалык күбөлөндүрүүдө, сыноодо;

– Приборлорду, өлчөө каражаттарын ж.б. каттоодо, калибрлөөдө жана колдонууда.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаары
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруу, шилтеме боюнча өтүп, бардык керектүү документтерди 2023-жылдын 15-ноябрында 16:00го чейин тиркөө.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.