MICROSOFT 365 E3 (TEAMS КОЛДООСУ МЕНЕН) ЛИЦЕНЗИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУ БОЮНЧА

MICROSOFT 365 E3 (TEAMS КОЛДООСУ МЕНЕН) ЛИЦЕНЗИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 30 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«КУМТОР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК MICROSOFT 365 E3 (TEAMS КОЛДООСУ МЕНЕН) ЛИЦЕНЗИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУГА ЧАКЫРАТ.

Техникалык тапшырма №1 Тиркемеде келтирилген жана ушул баа сунуштарын берүү тууралуу сурамдын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Бөлүм Маалымат
Берүү форматы Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилүүгө тийиш (баалар көрсөтүлгөн таблица кошумча түрдө .xlsx форматында да берилсин).
Сунуштарды берүү тартиби Тандоого катышуучулар катышуу үчүн арызды орус тилинде, тандоонун талаптарына ылайык даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 7-июлунда саат 14:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.
Катышуу үчүн арыз төмөнкү докум Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
• иштерди аткаруу мөөнөттөрү;
• төлөм шарттары;
• коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн, мүмкүн болушунча узагыраак).
Баалоо критерийлери Сунуштар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
• эң төмөнкү баа;
• Буйрутмачы менен макулдашылган оптималдуу аткаруу мөөнөттөрү.
Жеткириле турган товарларга, атка Жеткирип берүүчүдө Microsoft программалык камсыздоосунун өндүрүүчүсүнүн өнөктөш макамы болушу жана ал Microsoft программалык камсыздоосунун өндүрүүчүсүнүн авторизациялык каты же башка расмий документи менен ырасталышы керек.

Коммерциялык сунуш төмөнкү электрондук каттын темасы менен жөнөтүлүүгө тийиш:

«Баа сунуштарын берүү боюнча сурам — Microsoft 365 E3 лицензияларын (Teams колдоосу менен) сатып алуу»

Коммерциялык сунуштарды marlen.turatbekov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 7-июлунда саат 14:00гө чейин жөнөтүү зарыл.

Буйрутмачы төмөнкү укуктарды өзүндө калтырат:

  • каалаган сунушту кабыл алуу же четке кагуу;
  • келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмесиз токтотуу.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар каралбайт.

Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуш тапшырылгандан кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Коммерциялык сунуш расмий фирмалык бланкта таризделүүгө тийиш.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен катышуучу Компания тарабынан көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүүгө тийиш.

Коммерциялык сунуш жарактуу болгон мөөнөттө ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: marlen.turatbekov@kumtor.kg

Тандоонун шарттары боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроо-талаптар акыркы сунуш берүү мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА