МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 29 December 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнө (подряддык уюмдар менен иштөө боюнча топ) тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагындагы жогорку техникалык билим (2019-2023-жылдары университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Корпоративдик маалыматтык программалардагы иш тажрыйбасы;
  • Ишкердик кат алышуу, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө көнүмдөрү;
  • Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө (англис тилин билүү кубатталат);
  • Коммуникабелдүүлүк, адептүүлүк жана берилгендик.

Милдеттер:

  • Подряддык уюмдардын техникасынын жана кызматкерлеринин түшүүсүнө, көтөрүлүшүнө табыштамаларды тариздөөгө көмөктөшүү;
  • Подряддык уюмдардын кызматкерлерин окутууга табыштамаларды кабыл алууга жана тариздөөгө катышуу;
  • Жаңы кызматкерлердин документтерин кабыл алууга жана текшерүүгө катышуу;
  • Подряддык уюмдардын жаңы техникаларын каттоого көмөктөшүү;
  • Күн сайын отчетторду кабыл алууга жана түзүүгө катышуу;
  • Кызматкерлердин жеке документтерин, ошондой эле бөлүмдүн документтерин архив ишин жүргүзүүгө жардам берүү;
  • Компаниянын өндүрүштүк-уюштуруу түзүмүн жана бөлүмдүн ишин билүү;
  • Подряддык уюмдар катышкан компаниянын бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып баруу;
  • Подряддык уюмдар катышкан бөлүмдөргө жөнөтүү үчүн күнүмдүк отчетту даярдоого, иштеп чыгууга, жыйынтык отчетторду даярдоого жардам берүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду –Кумтөр кен ишканасы
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 12-январында 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.