ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА

ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 21 May 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-майы, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди лабораториялык жабдууларды жеткирип берүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу процедурасына катышууга чакырат.

Товарлардын тизмеси:  1.     Лот №1 Автотитратор-1 комплект.

2.     Лот №2 Вальцовкалоочу станок -1 комплект.

(бөлүнүүчү лоттор)

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.  Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек.
Сунуштарды

тапшыруу тартиби

 

Эгерде тандоого катышуучулар мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн товар жеткирүүнү ишке ашырышпаган болсо, анда төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1)         Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)         Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн табыштаманы даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө titrator2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 29-майы саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:

·         Товардын аталышы;

·         Техникалык сүрөттөмө (сүрөтү менен);

·         Бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү кошкондогу баа;

·         Жеткирип берүү мөөнөттөрү;

·         Төлөм шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү — берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн.

Баалоо критерийлери:

 

Жеңүүчү катары техникалык тапшырмадагы товардын техникалык сүрөттөмөсүнө шайкеш келген жана эң төмөн бааны сунуштаган коммерциялык сунуш (КС) берген сунуш таанылат.
Сунуш темасын көрсөтүү менен 2026-жылдын 29-майы саат 17:00гө чейин электрондук titrator2026@kumtor.kg  почтасына жөнөтүү керек.
Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же

четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул

үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.

Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат.

Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул конкурс боюнча бардык суроолор bek.myktybekuulu@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 2 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР