КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА “КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАКтын ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВДУН КУТТУКТООСУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА “КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАКтын ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВДУН КУТТУКТООСУ

Жарыяланган: 23 September 2023

Бүгүн, 23-сентябрь, кыргыз тили мамлекеттик макам алган маанилүү күн!

Мындан туура 34 жыл мурун, дал ушул күнү “Мамлекеттик тил мыйзамы” кабыл алынып, эгемендүүлүккө карай эң алгачкы чыйыр жол салынган.

Кыргыз тили – бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизги түркүгү, ажырагыс бөлүгү. Демек, кыргыз тили өлкөбүздөгү бардык улуттардын башын бириктирген, бардык жарандарыбыз билген негизги тил болушу керек.

Ал эми ушул жылы тилибиздин кадырын арттырган, узак жылдар бою көпчүлүк күтүп келген чоң окуя болду. 2023-жылдын июль айында Президент Садыр Жапаров тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол коюлду. Кыргыз тилин билүүгө милдеттүү болгон кызмат адамдарынын тизмеси так жазылып, мыйзам менен бекитилди. Бул чечкиндүү кадам мамлекеттик тилдин даражасын көтөрүп, сөзсүз жаңы деңгээлге чыгарат деп толук ишенем.

Бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен бардык мекендештеримди чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Кыргыз тили – өлкөбүздөгү улуттар аралык ынтымактын, бекем биримдигибиздин байрагы болуп, түбөлүккө бар болсун.

Терең урматтоо менен

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти А.Барыктабасов.