КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 15 May 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-майы, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди курулуш материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Сунуш берүү форматы:

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилүүгө жана келишимдик милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу шарт.

Сунуштарды берүү тартиби

Катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү. Документтер боюнча шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. БСни кыргыз же орус тилдеринде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 26-майында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.

Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • БСнин жарактуулук мөөнөтү – сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталып жаткан товарга сертификат берүү.

Жеткирүү жери:

DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК кампасы:

  1. Кыргызстан, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери:

Жеңүүчү болуп талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу табылат.

«Запрос, R29162 (курулуш материалдары)» темасы менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 26-майында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Кошумча шарттар:

  • Заказчы ар кандай сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучуларга эч кандай милдеттенме албайт.
  • Баалык сунуш компаниянын расмий бланкында, кол жана мөөр менен берилиши керек.
  • Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Сунуш берүү менен катышуучу бардык көрсөтүлгөн шарттарга макулдугун билдирет.
  • Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
  • БСнин жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
  • Сунуштарды берүү мөөнөтүндө аларга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
  • Бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
  • Түшүндүрмө алуу үчүн суроолор сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркеме №1.