Жарыяланган: 23 June 2026
Кумтөрдө ар кандай кесиптин ээлери эмгектенет. Бирөө ири тоо-кен техникаларын башкарса, дагы бири кен казып, татаал өндүрүштү камсыздайт. Ал эми кээ бирлери күн сайын жүздөгөн кызматкерлердин даамдуу жана сапаттуу тамактануусуна жооп берет. Алардын ар бири өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрү.
Кумтөр кен жайынын башкы ашпозчусу Александр Ипатов Кытайда өткөн Chef of the World 2026 эл аралык мелдешинде дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген күчтүү атаандаштар арасында мыкты жыйынтык көрсөтүп, алдыңкы ондуктун катарына кирди. Бул ийгиликтин артында көп жылдык эмгек, тынымсыз изденүү жана кесибине болгон чыныгы берилгендик турат. Эл аралык деңгээлдеги мелдеште Александр Ипатов Кыргызстанды татыктуу таанытып, өзүнүн жогорку чеберчилигин көрсөтө алды. Күнүмдүк ишинде ал сыйлык үчүн эмес, бийик тоо шартында эмгектенген Кумтөрдүн кызматкерлеринин тамагы сапаттуу жана даамдуу болушу үчүн аракет кылат.
Биз Александр Ипатовду бул жетишкендиги менен куттуктайбыз жана мындан да зор ийгиликтерди каалайбыз. “Кумтөр Голд Компани” гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде татыктуу таанытып жаткан кесиптешибиз менен сыймыктанабыз!
Сүрөттө: Александр Ипатов Chef of the World 2026 эл аралык мелдешинин сыйлоо аземинде.