КУМТӨРДҮН АШПОЗЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ГАСТРОНОМИЯЛЫК ФЕСТИВАЛДА 10 МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

КУМТӨРДҮН АШПОЗЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ГАСТРОНОМИЯЛЫК ФЕСТИВАЛДА 10 МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Жарыяланган: 20 November 2023

Ушул жылдын 15-18-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында ашпозчулардын гастрономиялык ири «Gastro Antalya» фестивалы өттү. Ага дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн эң мыкты делинген 750 ашпозчу катышкан.

Кыргызстандын намысын бул мелдеште Кумтөр кен жайынын коомдук тамактануу бөлүмүнүн 5 кызматкери татыктуу коргоп, 6 алтын, 1 күмүш, 3 коло медалдын ээси болушту.

Алар:

Ипатов Александр – “Тамактын заманбап тартылышы” жана «Кой этинен жасалган тамак» номинациялары боюнча эң мыкты деп табылып, 2 алтын медаль тагынды.

Расул Русланбеков – “Тамактын заманбап тартылышы” жана “Балыктан жасалган тамак” номинацияларында алдына киши салдырбай, 2 алтынды багындырды.

Азамат Сабаев болсо, “Кой этинен жасалган тамак” номинациясынан алтын алып, “Паста” жасоо боюнча коло медалдын ээси болду.

Арген Саватбеков “Балыктан жасалган тамак” номинациясынан алтын, “Кой этинен жасалган тамактан” күмүш байгени утту.

Асаналиева Динара “Паста” жана “Десерт” номинациялары боюнча 3-орунду ээлеп, эки коло медаль тагынды.

Ошондой эле гастрономиялык бул фестивалдын алкагында Кумтөрдүн ашпозчулары «Салттуу түрк ашканасы» боюнча квалификациялык курстарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.