Жарыяланган: 27 August 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 11-сентябры, саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК төмөнкү конкурс боюнча Жеткирип берүүчүнү тандоо үчүн эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга чакырат: “Кумтөр кениндеги агрегаттарды, машиналардын жана механизмдердин тетиктерин оңдоо боюнча убактылуу цех” долбоору үчүн желдетүү системасын жеткирүү жана орнотуу.
| Табыштамаларды берүү форматы: | Катышуу табыштамасы жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурда катышуучу «Конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн)» (1-тиркеме) менен таанышып чыгышы керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Конкурстук табыштама конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдөөчү декларация түрүндөгү конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдик камсыздоосу менен кошо берилиши керек.
Конкурстук табыштама 60 календардык күндүн ичинде жарактуу болушу керек. Кошумча маалыматтарды же конкурстук документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн суроо-талаптарды [email protected] электрондук дарегине конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда жөнөтүү керек. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан келип чыккан кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт. Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык орус тилиндеги катышуу табыштамасын даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected] дарегине 2026-жылдын 11-сентябры саат 11:00дөн кечиктирбестен жөнөтүү керек. Конкурс эки баскыч менен өткөрүлөт жана ар бир баскыч үчүн өзүнчө эки кат даярдалышы керек: Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүк боюнча ырастоочу документтер менен берилет. Каттын темасы: «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлүшү керек. Техникалык тапшырма ушул конкурстук документке тиркелет. Экинчи кат (экинчи этап үчүн) каржылык сунуш менен берилет. Каттын темасы: «каржылыклык документтер» деп көрсөтүлүшү керек. Катышуучу Буйрутмачы берген Техникалык тапшырмага ылайык табыштаманын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет. |
| Маанилүү!!!
|
Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Эгерде тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп жөнөтүп, каттын темасында төмөнкүдөй чагылдыруу керек: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк; 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк ж.б. Булут сактагычтарындагы документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин жарактуулук мөөнөтү чектелгендигине байланыштуу документтерди булут сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Конкурска катышуучунун табыштамасы эки топтом документтен турушу керек. Документтердин биринчи топтому: 1. Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары. Биринчи топтомдо конкурстук табыштаманын баасын же сунуштун баасын ачып бере турган башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт. Биринчи топтомдо өз сунушунун баасын көрсөткөн катышуучунун конкурстук табыштамасы четке кагылат. 1. Конкурска катышууга кызыкдар экендигин ырастаган кат; 2. Компания жөнүндө толук маалымат; 3. Кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксаттар, лицензиялар жана сертификаттар (келишимде каралган лицензиялануучу бардык иш түрлөрү үчүн); · Акыркы 5 жылдагы окшош кызматтар боюнча референс-парак; (Акыркы 5 жыл ичинде көлөмү жана татаалдыгы боюнча салыштырмалуу кеминде бир бүткөрүлгөн объект боюнча 5 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу); · Сунуш каттар жана пикирлер. 4. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн скан-көчүрмөсү; 5. Негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Уставдын), ошондой эле жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин скан-көчүрмөлөрү; 6. 2024-2025-жылдар үчүн каржылык отчеттун түп нускасынын скан-көчүрмөлөрү: 7. – Бухгалтердик баланс; – Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет; – Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет; – Капиталдын кыймылы жөнүндө отчет; – Бирдиктүү салык декларациясы. 8. Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдар алдында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат; 9. Аффилирленген байланыштардын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоо жана бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат. Бенефициардык ээлер тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында ачык жана жеткиликтүү. 10. Катышуучу иштердин көлөмдөрүнүн ведомостун толтуруп, нарктарын көрсөтүп, кол коюп жана мөөр басып (бар болсо) тапшыруу керек. Бул документ берилбесе, конкурстук табыштама четке кагылат. Баалоо критерийлери: 1. Аткаруучу жабдууну орнотуу жана ишке киргизүү учурунда өндүрүүчүлөрдүн бардык талаптарын сактоо үчүн толук жоопкерчилик тартат, анын ичинде өндүрүүчүнүн техникалык документтеринде каралган учурларда шеф-монтаж жана шеф-жөнгө салуу иштерин уюштурууга жана өткөрүүгө милдеттүү. Бардык документтер орус тилинде жүргүзүлүп берилиши керек. 2. Кепилдик мөөнөтүнүн ичинде Аткаруучу Буйрутмачыга орнотулган системаларды пайдалануу боюнча техникалык колдоо жана консультациялык коштоо көрсөтүүгө милдеттүү. Аткарылган иштердин сапатына байланыштуу кемчиликтер аныкталса, Аткаруучу өз эсебинен адистердин чыгышын уюштуруп, Буйрутмачы менен макулдашылган мөөнөттө кемчиликтерди жоюуга милдеттүү. 3. Аткаруучу инженердик системаларды монтаждоо боюнча бардык уруксат берүүчү документтерге ээ болууга тийиш (Кыргыз Республикасында берилген лицензиялар, инженердик-техникалык кызматкерлердин сертификаттары), иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйруктарды, материалдык-техникалык ресурстар жана адистер жөнүндө маалымкаттарды, ошондой эле монтаждоо учурунда колдонулуучу жабдуулардын, конструкциялардын, буюмдардын жана материалдардын сапатын ырастоочу документтерди (өндүрүүчүлөрдүн паспорттору, нускамалар, шайкештик сертификаттары, сыноо протоколдору) бериши керек. Документтердин экинчи топтому: 2. Каттын темасында төмөнкүнү көрсөтүү керек: «Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)» Каттын ичиндеги документтер сыр сөз менен корголушу керек. Катышуучу биринчи баскычтан өткөн учурда сыр сөз өзүнчө суралат. – Иштерди аткаруу мөөнөттөрүн, төлөм шарттарын көрсөткөн жана сметалык документтерди/калькуляцияны (чыгымдардын чечмеленишин) камтыган расмий бланктагы коммерциялык сунуш. · Баа/сапат/кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүнүн эң жакшы катышын сунуштаган жана Техникалык тапшырманын талаптарына толук шайкеш келген конкурстук табыштаманы берген катышуучу жеңүүчү болуп таанылат. · Конкурска катышуучу көрсөткөн баа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык чыгымдарды, тейлөө мөөнөтүн жана Келишимде көрсөтүлгөн коштоочу кызматтарды камтуу керек. |
| Баалоо критерийлери: | · Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун тапшырган сунуш тандоодон өткөн болуп эсептелет.
· Конкурстук документтерде каралган келишимдин аткарылышын камсыздоо кепилдиги (КАМК) конкурс жеңүүчүсү тарабынан келишимдин суммасынын 2% өлчөмүндө таризделиши керек. |
| «Кызмат» деген тема менен сунуштарды [email protected] дарегине электрондук түрдө 2026-жылдын 11-сентябры саат 11:00дөн кечиктирбестен жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарууга чейин каалаган убакта тандоо жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуш берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбошу керек. Конкурстук сунуш жарактуу мөөнөтүндө ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюудан мурда келишимдин аткарылышын кепилдөөчү декларацияны берүүгө милдеттүү. | |
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолорду [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү керек. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: