«КУМТӨР» КЕН ЖАЙЫНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

«КУМТӨР» КЕН ЖАЙЫНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жарыяланган: 31 August 2023

Башкы мамлекеттик майрамыбыз болгон 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата «Кумтөр» кен жайындагы кызматкерлер үчүн майрамдык салтанат уюштурулду.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчилигинин атынан Өндүрүш боюнча вице-президент Кубанычбек Турдукожоев бардык кызматкерлерди Эгемендик майрамы менен куттуктап, иштерине албан ийгиликтерди каалады.

Өз ишин так аткарып, жогорку жетишкендиктерди камсыздаган өндүрүштүн алдыңкыларына Кубанычбек Турдукожоев Ардак грамоталарды тапшырып жатып, өлкөбүз дал ушундай күжүрмөн эмгекчилердин аркасында өнүгөөрүн баса белгиледи.

Майрамдык иш-чара чыгармачылык өнөрлөр менен уланып, «Кумтөр» кен жайындагы кызматкерлерге эң мыкты маанай тартууланды.