“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Жарыяланган: 02 November 2023

Ардактуу маданият тармагынын өкүлдөрү, жалпы коом силерге карап түздөнөбүз, силерге карап шыктанабыз. Анткени силер адамдарга эң баалуу руханий азык тартуулап, жашообуздун жаркын жарыгы болуп келесиңер.

Искусство жана маданият дүйнөсү ушунчалык бай жана көп кырдуу болгондуктан, бүгүнкү күндө да, маалыматтык технологиялардын доорунда силердин коомду агартууга, тазартууга кошкон салымыңар зор.

Ар бириңиздер элибиздин баа жеткис маданий мурасын сактап, өнүктүрүп келесиңер! Бул урмат-сыйга татыктуу улуу иш!

Бул майрамда баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!