“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигинин атынан баардыгыңыздарды “Металлургдар күнү” менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигинин атынан баардыгыңыздарды “Металлургдар күнү” менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Жарыяланган: 15 July 2023

Урматтуу “Кумтөрдүн” жамааты, ардактуу кесиптештер!

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигинин атынан баардыгыңыздарды “Металлургдар күнү” менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Металлургия тармагы канчалаган жылдардан бери дүйнөлүк экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү болуу менен, азыр дагы өз позициясын жогото элек. Экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн негизги таянычы дагы дал ушул металлургия тармагы болуп эсептелинет.

Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун аракети менен “Кумтөр” кени мамлекетке өтүп, Кыргызстандын тоо-кен-металлургия тармагынын жаңы тарыхы, жаңы барагы ачылды.

Бул окуя Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсү үчүн маанилүү, өзгөчө роль ойнооруна ишенем.

Экономикалык секирик жасалып, Кыргызстан дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарынан орун алууга ишенимдүү кадам таштады.

Бул улуу иште “Кумтөрдүн” ар бир кызматкеринин орду, ролу бар. Демек, бүгүнкү ишибиздин ийгилиги – эртеңки өнүккөн Кыргызстандын ачкычы.

Баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ишибизге зор ийгиликтерди каалайм. Үй-бүлөңөр менен аманчылыкта, бакубат турмушта өмүр сүрүңүздөр!

Майрамыбыз кут болсун, урматтуу “кумтөрчүлөр”!

Кумтөр Голд Компани” ЖАК Президенти,  А.Барыктабасов