«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» МИТЕ КУРТ ООРУЛАРЫН ДИАГНОСТИКАЛОО ЖАНА ДАРЫЛОО МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ДАРЫГЕР-ЛАБОРАНТТАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮҮ ДЕМИЛГЕСИН КОЛДОДУ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» МИТЕ КУРТ ООРУЛАРЫН ДИАГНОСТИКАЛОО ЖАНА ДАРЫЛОО МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ДАРЫГЕР-ЛАБОРАНТТАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮҮ ДЕМИЛГЕСИН КОЛДОДУ

Жарыяланган: 13 September 2023


Мите курт ооруларын өз убагында аныктоонун жана натыйжалуу дарылоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Ысык-Көл облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгер-лаборанттары үчүн семинар өткөрүү демилгесин колдоду.

Семинардын жүрүшүндө мите курт ооруларын дарылоодогу эпидемиологиялык көзөмөл жана лабораториялык диагностика, дарылоонун сапатын жогорулатуу, дарылануудан өтүп жаткан жарандардын тамактануусу боюнча маселелер талкууланды.

Иш-чарага катышкандар бул багыттагы билимдерин жогорулатып, баалуу тажрыйбаларга ээ болушту.

Белгилей кетсек, «Кумтөр Голд Компани» социалдык жоопкерчиликтүү компания катары кен жайгашкан Ысык-Көл облусуна комплекстүү жардам берүүгө артыкчылык берип келет.