“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” МАМЛЕКЕТТИК ГЕОЛОГИЯ КЫЗМАТЫНЫН 85 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” МАМЛЕКЕТТИК ГЕОЛОГИЯ КЫЗМАТЫНЫН 85 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

Жарыяланган: 05 October 2023

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геология кызматы мындан 85 жыл мурун СССРдин Оор өнөр жай эл комиссариатынын Жарлыгы менен түзүлгөн. 1938-жылдан бери ушу күнгө чейин өлкө экономикасы үчүн өтө маанилүү тармак катары бул кызмат өз маанисин жогото элек.

Себеби Мамлекеттик геология кызматы өлкөбүздүн бардык кен байлыктарын аныктап, жер казынабызды сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча зор милдет, чоң жоопкерчиликти татыктуу аткарып келет. Жаңы түптөлгөн жылы болгону 43 адис эмгектенсе, бүгүн кубаттуу, эң маанилүү мамлекеттик мекеме катары, геологдордун, тоо-кенчилердин бир канча муунун тарбиялап өстүрдү. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө зор салым кошту. Ал гана эмес, учурунда Мамлекеттик геология кызматынын адистери Кытай, Корея, Вьетнам, Гана, Мали, Куба, Иран, Мадагаскар, Эфиопияга чейин барып, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө техникалык жардам көрсөтүп келгени белгилүү. Бул чынында баарыбызды сыймыкка бөлөгөн зор тарыхынын болгону бир үзүмү. Бүгүн да Мамлекетик геология кызматынын эгемендүү Кыргызстандын жер казынасын изилдөөгө, тактоого, сактоого кошуп жаткан салымы эбегейсиз. Даңазалуу тарыхы, дасыккан мыкты адистери бар Мамлекеттик геология кызматынын Кыргызстандын мындан аркы өнүгүп-өсүшүндөгү да орду өзгөчө.

Мааракеңиздер кут болсун!