КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 17 January 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.01.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Кредитордук карыз бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку экономикалык билим (2019-жылдан 2023-жылга чейин жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн билдирүүлөр кабыл алынат);
  • MS Office (Excel, Word, Access, PowerPoint) программасын жогорку деңгээлде билүү.
  • Компьютердин ишенимдүү колдонуучусу;
  • Жеке сапаттары: коммуникабелдүүлүк, жоопкерчилик, командада иштей билүү.

Милдеттери:

  • Манас системасына эсеп-фактураларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө жардам берүү;
  • Онлайн банкинг аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • Базага жаңы жеткирүүчүлөрдү киргизүү;
  • Аванстык төлөмдөрдү жабууга жардам көрсөтүү;
  • Салыштыруу актысын жеткирүүчүлөрдөн суроо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 31 – январында саат 16.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.