КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ: КУМТӨРДҮН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТЫШЫ – ЭГЕМЕНДИК ТАРЫХЫБЫЗДАГЫ ЭҢ ОРЧУНДУУ ОКУЯ, БУРУЛУШ УЧУР БОЛДУ

КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ: КУМТӨРДҮН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТЫШЫ – ЭГЕМЕНДИК ТАРЫХЫБЫЗДАГЫ ЭҢ ОРЧУНДУУ ОКУЯ, БУРУЛУШ УЧУР БОЛДУ

Жарыяланган: 19 October 2023

Кумтөрдүн мамлекетке кайтышы – эгемендик тарыхыбыздагы эң орчундуу окуя, бурулуш учур болду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында билдирди.

Алмазбек Барыктабасов «Кумтөр Голд Компанинин» ардагерлерин жана кызматкерлерин, конокторду компаниянын мааракеси менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндө Кумтөр – кыргыз элинин улуттук байлыгы. Кумтөр кенинин мамлекеттин менчигине кайтарылышы өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң маанилүү окуя десем аша чапкандык болбос. Учурдан пайдаланып, бул улуу ишке катышы бар урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич башында турган кыргыздын мекенчил уулдарына элибиздин, жалпы кумтөрчүлөрдүн атынан ыраазычылык билдирүүгө уруксаат этиңиздер. Кумтөрдүн буга чейинки талаштуу тарыхына чекит коюуу менен Кыргызстан экономикалык гана кызыкчылыгын эмес, эл аралык коомчулуктун алдындагы намысын, абийирин бийик сактап калды. Өз күчүнө таянган, жаңыланууга бет алган мамлекет катары бүгүн Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагы ачылууда», – деди «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси.

Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, бүгүн Кумтөр өлкөбүздүн каржылык туруктуулугун гана камсыздап бербестен, келечектүү долбоорлордун негизги таянычына айланууда.

«Кумтөрдөгү алтындын запастары иликтенип, кенди иштетүүнүн мөөнөтү дагы да ондогон жылдарга узартылганы турат. Кендеги калдыктар кайра иштетилет. Ал жактан 2040-жылга чейин жылына 5 тоннага жакын алтын өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, кийинки жылы Тоголок алтын кенин өздөштүрүү башталып, Жангарт аянтына геологиялык чалгындоо жүргүзүлөт. Токмок шаарында Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводун тесттик режимде ишке бердик.

Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жакынкы келечекте ушул сыяктуу бир канча ири долбоорлорду иш жүзүнө ашырганы турабыз», – деп жыйынтыктады ал.