Айлана-чөйрө

Айлана-чөйрө

«Кумтөр» өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө жаратылышты коргоо маселелерине жоопкерчилик менен кароого абдан чоң маани берет.

Дал ушул максатта компания тарабынан өз ишине берилген 25 штаттык кызматкерден турган атайын бөлүм уюуштурулуп, кендин өзүндө да, жалпы аймакта да – суу булактарын, атмосфералык абанын, биотүрдүүлүк, топурак, тунма тоо породалары, тектин иштетүүгө жараксыз катмары жана радиациялык фондун абалына мониторинг жүргүзүлөт. Компания аймактагы биотүрдүүлүктүн сакталышына өзгөчө көңүл бөлөт. «Кумтөр» кениндеги иш башталган кезден тарта жаратылышты коргоого кызыкдар бардык тараптар менен тыгыз кызматташып келген, анын ичинде 1995-жылы Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун түзүлүшүнө салым кошкон. Компания жакында эле коруктагы биотүрдүүлүкү сактоого багытталган долбоорлорду каржылоо ниетинде жаратылышты коргоо жаатындагы эң эски эл аралык уюмдардын бири болгон “Фауна жана Флора Интернешнл” менен өнөктөш болду. “Кумтөр” бул багытты илгерилетүүгө өз салымын кошо алганына сыймыктанат. Себеби, кен казуу иштери башталгандан бери аймакта фаунанын сейрек түрлөрүнүн, маселен, ак илбирс, памир аркарларынын башын көбөйтүүгө жетише алды.

 

ӨНДҮРҮШТӨ ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕК КООПСУЗДУГУН ЖАНА АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО САЯСАТЫ