Кендин жабылышы

Кенди пайдалануу Планынын учурдагы редакциясы тоо иштерин 2031-жылы аяктаарын камтыйт. Кыргыз бийлиги менен макулдашуу жана Экологияны жөндөө иштери боюнча планда белгиленгендей, КГК Кенди жабуунун концептуалдык планын (КЖКП) үч жылда бир жаңыртып турат, жана Кенди жабуунун соңку планы (КЖСП) иш аяктаардын эки жыл калганда даярдалат. Бул багыт КЖКПда каралган ар кандай тандоолорго баа берүү үчүн бир нече жылды текшерүү жана көзөмөлдөөгө мезгил, жана мүмкүн кен казуунун жүрүшүндө пайда болгон айлана-чөйрө, жөнгө салуу жана коомдук чөйрө өзгөрүүлөрүн карап чыгууга убакыт берет. КГК КЖКПларды 1999, 2004, 2008, 2011, 2014, 2016 жылдары, жана акыркы жолу 2019-жылы жаңырткан.

Акыркы жаңыртылган КЖКП Кумтөрдөгү бардык иштеп өндүрүштүк объектилерди камтып, ага карьер, бош тек төгүндүлөрү, калдыктар чарбасы менен ага туташ суу тазалоочу курулмалар, жана фабрика комплекси инфраструктурасы менен толук кирет.

Видео-презентация. Кен ишканасын эксплуатациядан чыгаруунун концептуалдуу планы

 

КЖКПдагы негизги маселелер төмөнкүлөр:

  • Нормативдик талаптарды максималдуу сактоо;
  • Айлана-чөйрөгө кийинки таасирди минималдаштыруу;
  • Кен объектилеринин геотехникалык туруктуулугун камсыздоо;
  • Калктын саламаттыгын жана коопсуздугун коргоону камсыздоо;
  • Кен жабылгандан кийин жерлерди ылайыктуу керектөөлөргө кайтаруу.

Бардык КЖКПлар Кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү органдарына учурунда тапшырылган, ал эми 2016-жылкы КЖКП «Кыргызалтындын» «Кумтөр» менен«Центеррадагы» үлүштөрү боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышкан өкмөттүн техникалык маселелер боюнча эл аралык кеңешчилерине да берилген.

2017-жылдагы Стратегиялык макулдашуунун шарттары боюнча КГК Калыбына келтирүү траст фондун толуктоосун тездетүү үчүн жылына 6 миллион АКШ доллар суммасында каражатты кийинки шарттарда чегерип турууга макул, эгерде КГКнын жалпы чегерим каражат суммасы «Кумтɵр» кен ишканасын калыбына келтирүүнүн жалпы эсептик наркына («Кумтɵр» кен ишканасынын калыбына келтирүүнүн учурдагы наркынын көз карандысыз баасын чагылдырат) жеткенге чейин, бирок минималдык калыбына келтирүүнүн жалпы наркы 69 миллион АКШ долларын түзгɵн шартта (бул негизинен «Кумтɵр» долбоорунун калыбына келтирүү сметалык наркы боюнча КГКнын учурдагы расчетуна дал келет) милдеттенмесин алды.

Кенди жабуу планы боюнча кошумча маалымат Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жылдык отчеттордо берилген жана веб-сайттын “Отчеттор” бөлүмүндө жеткиликтүү.

© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.