Биоартүрдүүлүк

Биоартүрдүүлүк

Кен иштеп баштагандан бери жапайы жаныбарлардын саны көбөйгөн.

Биз жаратылышты коргоодо бейөкмөт уюмдар менен кызматташабыз.

Биз коңшу турган Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругуна колдоо көрсөтөбүз.

Биздин милдеттенмелер

«Кумтөр» чоң тоо-кен жайын ачык ыкма менен иштеткен ишкана болгонунан жергиликтүү айлана-чөйрөгө аргасыз таасирин тийгизет. Биз эксплуатациялык мөөнөт ичинде тийгизип келген таасирибизди толук түшүнүү, табигый биоартүрдүүлүктү таануу жана тоо-кен жайын иштетүү убакты бою тийгизген терс таасирибизди төмөндөтүү керектигин мойнубузга алып, биоартүрдүүлүктүн максаттарына жетишүү үчүн өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келебиз. Ийгиликтин чечүүчү фактору жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык өнөктөштөр менен кеңешүүдө жана чогу иштешүүдө камтылганына ишенебиз.***

Регионалдык контекст

Тянь-Шань тоо кыркасы Борбор Азиядагы эң узун тоо кыркаларынын бири болуп, негизинен Кыргызстан жана Кытайдын территориясы боюнча 2 800 км. созулат. Бул аймак, дүйнөлүк масштабта маанилүү биоартүрдүүлүккө мекен болуп, жоголуу коркунучу астында болгон ак илбирс жана Марко Поло текеси (аркар) баштаган жаныбарлар түрлөрүнүн узун тизмесине жашоо чөйрөсү.

«Кумтөр» кен аймагындагы омурткалуу жаныбарларды изилдөө иши» (орусча)

Ак илбирс Борбордук жана Түштүк Азияда маанилүү маданий символ катары саналып, фольклордо кеңири сүрөттөлөт. Кабатырлануу жараткан башка түрлөр кош жалбырактуулар түркүмүндөгү суу өсүмдүгүн (Hedysarum kirgizorum) камтыйт, ал Кыргызстандын кызыл китебине да киргизилген, ошондой эле, ыктымалдуу эндемикалык, каакымдын түрлөрүн (Taraxacum syrtorum) жана жоогазынды (Tulipe tetraphylla) камтыйт.

Сарычат-Ээрташ коругу

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК болушу Кыргызстандын Борбордук Тянь-Шань аймагындагы ак илбристин саны сакталып, арбындашына жакшы шарт түздү. 1990-жылдардын соңунда долбоордун кредиторлору (ЕРӨБ жана ЭФК) биоартүрдүүлүк менен Кумтөр долбоорунун айлана-чөйрөгө таасирине баа берүү үчүн бейөкмөт уюмду кызматташууга тарткан. Ал серептөөнүн негизинде аңчылыкка толук тыюуу салуудан тартып, жапайы жаратылышка байкоо жүргүзүүгө чейин камтылган кен иштетүүнүн таасирин азайтуу боюнча сунуштар иштелип чыккан. Кумтөр аларды кабыл алып, аткарылышы боюнча айлана-чөйрө боюнча отчеттурнда маалымдап турат. Ошондой эле кредиторлор КР өкмөтүнүн Кумтөр менен коңшулаш Сарычат-Ээрташ коругун түзүү демилгесин колдогон. Корук түзүлгөндөн кийин кредиторлор менен Кумтөр БӨУнун корукту сапаттуу башкаруу, биоартүрдүүлүк боюнча изилдөөлөрдү жана жергиликтүү жамаатарды колдоо боюнча демилгелерин каржылашкан. Аңчылыкты тыюу саясаты кен ишканада дале күчүндө жана браконьерлерге бөгөт коет. Коруктагы аркарлардын саны 750дөн 2500гө жетип, Кыргызстандагы эң чоң популяцияны түзөт. Тоо текенин саны 750-850 баш чамасында. Корук жана анын айланасындагы ак илбирстин саны 18ге чейин көбөйгөнүн изилдөөлөр тастыктайт.