Биз металлолом, иштетилген май жана жыгачты 100% жергиликтүү ишканалар аркылуу кайра иштетебиз.

Кен ишкананын турак-жай лагери (1500 тургун) жана байланышкан аракеттерден чыккан бардык таштандылар тиешелүү тейленет.

«Кумтөр» таштандыларды утилизациялоону ири тоо-кен өндүрүшүнө ылайык инструкциялардын негизинде аткарат. Алар калдыктарды жөндөө, заттарды колдонуу жана жумушчунун коопсуздугун камтыйт.

Эл аралык кеңешчилердин сунуштары боюнча биз эл аралык ак ниет өндүрүштүк тажрыйбалар негизинде өнүрүштөгү таштандыларды азайтуу жана эффективдүү башкаруу процеестерин жана системаларын «катуу таштандыларды жөндөөнүн комплекстүү планынада» колдоно баштадык.

Биздин ишканадан чыккан негизги таштандылар тиричилик, кооптуу жана өндүрүштүк болот. Тиричилик таштандыларга турак-жай лагерь объектилери менен кеңселердеги тамак-аш калдыктары жана кагаз материалдар кирет. Өндүрүштүк таштандылар болсо пластик контейнерлер, жыгач, металлолом жана дөңгөлөк шиналары. Кооптуу уулуу таштандыларга цианиддин таңгактары, аккумуляторлор, медициналык калдыктар жана колдонуу мөөнөтү өткөн реагенттер кирет.

Таштанды жөндөө бъектилерге чарба-тиричилик таштандылар полигону кирет, аны негизинен кеңселер мене турак жай лагери толтурат. Майланган чүпүрөктөр жана цианид идиштери үчүн өзүнчө полигон бар. «Кумтөрдө» тиричилик таштандылар өлчөмү 1 кг/адам/күндү түзөт. Салыштырмакка АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин отчетунда, 2012-ж. аларда 2,0 кг/ адам/күн болгон, Монголиядагы теңдеш жез кен ишканада 5,6 кг/адам/күн.

КР Өкмөттүк комиссиялары менен жергиликтүү жана сырткы көз карандысыз аудиттердин сунуштарына жооп катары, «Кумтөр» таштанды жөндөө ыкмаларын(системаларды) жакшыртты. Ага металлоломду регулярдуу чыгаруу, эски шиналар менен жүк контейнерлерин сактоо жана иштетилген майды жыйноо системасы жакшыртуу кирет.

Биз жылына 140тоннага жакын иштетилген мотор майларын чыгарабыз. Аны отун катары колдонуу үчүн дизель майы менен аралаштыруу ыкмаларын издөөдөбүз.
2011-жылдан тартып таштандыл өрттөө тажрыйбасын тыйганбыз.

Металлолом, жыгач, иштетилген май жана пластик сыяктуу таштандылар үчүнчү тараптарга берилет. Кайра иштетүүгѳ же кайра колдонууга мүмкүн болгон таштандылар тоо-кен жайында убактылуу сакталмакчы. Бул, колдонулган шиналарга да тиешелүү. Азыркы учурда мындай тейлөө көрсөтүү кызматтары жергиликтүү рынокто жетишерлик деңгээлде өнүгө элек. Бирок, 2014-жылдын аягында дөңгөлөк шиналарын пиролиз методу менен кайра иштетүүчү жергиликтүү подряддык уюм менен келишимге кол коюлган. 2015-жылы бул методду сыноо жана айлана-чөйрөгө ар кандай таасирин тийгизүү мүмкүндүгүнө баа берүү максатында дөңгөлөк шиналарын кайра иштетип көрүү башталган.

Жергиликтүү подряддык уюмдардын жардамы менен «Кумтѳр» ишканасы металлоломдун, аккумуляторлордун, иштетилген майдын жана жыгач таштандыларынын 100% кайра иштетүүгѳ жетишти. Мындан тышкары, майдалоочу топторду ѳндүрүү үчүн дагы металл таштандыларын кайрадан пайдаланабыз. Жергиликтүү «Вулкан-Плюс» ишканасы, АЫФта кенди майдалоо үчүн колдонулган, ар түрдүү диаметрдеги майдалоочу топторду өндүрөт. 2014-жылы «Кумтөр» тарабынан 25 мм майдалоочу топторду сатып алууга 3,1 млн. ашык АКШ доллары сарпталган. Аны менен бирге, диаметри 30, 40, 50 жана 60 мм жеткен, болоттон жасалган топтордун сынама партиясын сатып ала баштадык. Ѳзгѳчѳ кѳңүл бурула турган нерсе, «Вулкан-Плюс» ЖЧКсы менен кызматташуу, диаметри кичине болгон майдалоочу топторду сатып алуудан башталган, бирок 2014-жылы бул ишкана алтын ылгоо фабрикасына зарыл болгон топтордун дээрлик бардык өлчөмдөрүн жасай алды. Ал эми азыр болсо ишканада 120 кызматчы эмгектенет.