Энергияны пайдалануу жана СО2 чыгындылары

  • Башкы бет »
  • Энергияны пайдалануу жана СО2 чыгындылары

Энергияны пайдалануу жана СО2 чыгындылары

Биздин энерго-тутум жаңыланма булактарга негизделген. Биз чыгынды көмүртекти көзөмөлдөп, көлөмүн коомчулукка ачык маалымдап турабыз. Биз отун менен энергияны үзүрлүү пайдалануу ыкмаларын колдонобуз.

Биздин чоң масштабдуу тоо-кен өндүрүшүбүз отун менен энергиянын ири кардары. Отун товарлар жана кызматтар боюнча сатып алуулардын 20% ашуунун түзөт. Дизель майы жана бензин көп максаттар үчүн, мисалы, автоунаалар менен негизги генераторлордо колдонулат. Бирок биз мүмкүн болгон жерде электр энергиясын колдонобуз. Электр энергиясы эң көп колдонгон алтын ылгоочу фабрикада жалпы сарпталган кубаттуулуктун 75% колдонулат. Эсептөөлөргө үч негизги объекти: кендин өзү, Балыкчы өткөөл базасы жана Бишкектеги башкы кеңсе камтлган. Арасынан кендин өзү бардык кубаттуулуктун 98% керектеп, жардыргыч заттар пайдаланган жалгыз объект. Биз, парник газ чыгындыларын эсептөөнү жана көзөмөлдөөнү улантып, энергия үнөмдөө чарасы катары көлөмүн азайтуу көздөйбүз. Биз жардыргыч заттарды парник газ чыгындыларынын маанилүү бөлүгү деп санап, эсептөөлөргө коштук.

Биз энергия пайдалануу менен парник газ чыгындыларынын интенсивдүүлүгүн дагы азайтуу жолдорун издөөдөбүз, бирок электр экубаты көбүнчө жаңылануучу булактардан болгондуктан, шарттар чектелүүдө.