Атмосфера чыгындылары

Атмосфера чыгындылары

Биз кен ишканадагы аба сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, тийиштүү отчетторду беребиз. Ал аракеттерди мүмкүн кылган чаралардын бири катуу бөлүкчөлөрдүн жалпы көлөмүнүн аныктоого кендин аймагында орнотулган чоң көлөмдөгү 6 үлгү алгыч. Бардык станцияларда КБКнын жылдык орточо концентрациясы КР өндүрүш жайларда кабыл алынган 500 микрограмм/м3 суткалык чектен төмөн. КБКнын үлгүлөрү, курамында цианид, күкүрт, мышьяк, никель, селен, цинк, уран, радий 226 жана стронций 90 болушуна карата да изилденет.

Кендеги жолдор жакшы абалда кармалат жана унаалардын кыймылынан чыккан чаңды басуу үчүн суу чачуучу унаалар иштейт.

Барскоон айылынан кеткен жолду КГКнын транспорту жана алыскы айылдарга Сөөк ашуусу менен Жетими бел аркылуу өткөндөр жана чек-арачылар пайдаланышат. Ошондой эле жайлоого мал айдап барып келүүгө жана Барскоон капчыгайына эс алуу үчүн келген жарандарды ташуу үчүн колдонулат. Бул жолду КГКга таандык эмес тараптардын колдонуу көлөмү кыйла орчундуу.

Жолдон 1 метр аралыкта турган өсүмдүктөрдө чаңдын тагы байкалган эмес. Ал капчыгайдагы жаан-чачындын олуттуу көлөмү жана ошондой эле жолдогу чаңды азайтуу үчүн ылдамдыкты чектөө жана жол бетине суу сееп туруу сыяктуу КГКнын көргөн чаралары үчүн болушу ыктымал. Жолдун так боюнда өскөн өсүмдүктөр өздөрүнө негизги чаңды соруп алып, андан аркы башка өсүмдүктөрдү коргоп турушат. Бирок, байкоолор көргөзгөндөй, жол боюнда өскөн өсүмдүктөр да алардын көрүнүшүнө боюнча чаңдан катуу жабыр тартышы байкалбайт.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биология-топурак институту Барскоон капчыгайында изилдөө жүргүзүп, отчёту бул жерде орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү:Отчет НАН КР 2017
KR NAC Report 2017